Министрлик: коронавируска кабылгандарды 3 препарат менен дарылап жатабыз

© Sputnik / Николай ХижнякКапельница даярдап жаткан медайым. Архив
Капельница даярдап жаткан медайым. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн, 10-апрелде, өлкөдө дагы 18 адамдан COVID-19 аныкталды. Министрдин орун басары илдетке кабылгандарды дарылоодо кайсы препараттар колдонулуп жатканын айтып берди.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Медиктер коронавирус жуктуруп алган кыргызстандыктарды вируска каршы препараттар менен дарылап жатышат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

"Клиникалык протоколго ылайык, вируска каршы препараттар менен дарылоо сунушталат. Алар: лопинавир, ритонавир жана гидроксихлорохин. Муну симптомдук дарылоо деп коет, тагыраагы, белгилерге жараша колдонулат", — деди Каратаев.

Тез жардам дарыгери. Архив - Sputnik Кыргызстан
COVID-19 жуктурган ак халатчандардын саны 39га жетти. Көбү Ошто
Ал ошондой эле өлкөдө вируска каршы препараттар жетиштүү экенин айтып, антибиотиктер менен башка каражаттар запаста турганын кошумчалады.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын жалпы саны 298ге жетти. Анын бешөө көз жумду.

Учурда өлкөдө абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0