Баткенде жайлоого мал айдоого чектөө коюлду. Башка аймактарда абал кандай

Жазылуу
Башка аймактарда малды жайлоого чыгарар алдында малчылар талап кылынган вакциналар сайылып, эч кандай илдети жок деген маалымкаттарды даярдатышы керек.

БИШКЕК, 10-апр. — Sputnik. Баткен облусунун тургундарына 15-апрелге чейин мал-жандыктарды жайлоого айдабай туруу эскертилди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

"Коронавирус илдетинен улам жана өлкөдө түзүлгөн кырдаалга байланыштуу массалык мал айдоо аракеттери, өзгөчө кырдаалдын тартибин бузуп, жарандардын топтолуусуна жана байланышына шарт түзөт", — деп түшүндүрүштү өкүлчүлүктөн.

Ошондой эле жайлоого мал айдоо качан башталары тууралуу кошумча маалымат берилерин айтышты.

Ал эми өлкөнүн калган аймактарында малды жайлоого чыгаруу боюнча эч кандай чектөөлөр киргизилген эмес.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев - Sputnik Кыргызстан
Абылгазиев: коронавирус менен күрөшүүдө ушул жана кийинки жума эң маанилүү
Өкмөттүн жер-жерлердеги өкүлчүлүктөрүнөн билдиришкендей, болгону жайлоого чыгаар алдында малга талап кылынган вакциналар сайылып, эч кандай илдети жок деген маалымат даярдалышы керек. Ошондой эле малчылар бардык санитардык нормаларды сактоого тийиш.

Эске салсак, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүз ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.

Учурда өлкөдө абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0