Нарколог: арак ичкенден кийин адамга коронавирус бат жугат

© AFP / HOANG DINH NAMРесторандагы кардарлар алкоголь ичимдиктерди кармап турушат. Архив
Ресторандагы кардарлар алкоголь ичимдиктерди кармап турушат. Архив  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адистин айтымында, этанол организмге киргенде өзгөчө иммундук клеткаларды жабыркатат. Андыктан спиртке ууланып турган организм вирусту бат кабыл алат.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Адам спирт ичимдиктерин ичкенден кийин ага коронавирус бат жугушу мүмкүн. Алкоголь клеткаларды жабыркатып, вирустун организмге тез кирип кетишине шарт түзөт. Бул тууралуу Россиянын Саламаттык сактоо министрлигинин башкы наркологу Евгений Брюн билдиргенин стопкоронавирус.рф сайты жазды.

Спирт ичимдиктери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Карантинге баш ийбеген айылдарга арак сатууга тыюу салынды
"Этанол организмге киргенде өзгөчө иммундук клеткаларды жабыркатат. Андыктан спиртке ууланып турган организм вирусту бат кабыл алат", — деди дарыгер.

Ошондой эле ал спиртти антисептикалык каражат катары дагы абайлап колдонууга чакырды. Наркологдун айтымында, курамында спирти бар каражаттарды көп колдонгондо ал терини кургатат да, кол кесилип, туурулуп кетет. Демек, жарааты бар териге вирус кирип кетиши мүмкүн.

Жаңылыктар түрмөгү
0