Министрлик: медиктерди 1000дей транспорт ташып жатат

© Sputnik / Александр Гальперин / Медиабанкка өтүүДарыгре тез жардам унаасында. Архив
Дарыгре тез жардам унаасында. Архив  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирус жуктуруп алган бейтаптар менен иштеп жаткан дарыгерлер 14 күн эч кайда чыкпайт, изоляцияда болушат.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Кыргызстандын чоң шаарларында медицина кызматкерлерин жумушка ташууга 1000ге чукул транспорт бөлүнгөн. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, медиктерди транспорт менен жергиликтүү бийлик, демөөрчүлөр, эл өкүлдөрү камсыз кылган.

"Коронавирус жуктуруп алган бейтаптар менен иштеп жаткан дарыгерлер 14 күн эч кайда чыкпайт, изоляцияда болушат. Алар үчүн ошол стационарда эле шарт түзүлгөн. Ноокат, Сузак аймактык ооруканасында иштеген дарыгерлер үйүнө да барбайт, эч ким менен байланышта болбойт. Аларды үй-бүлөсү түшүнүү менен кабыл алса керек", — деди Каратаев.

Министрдин орун басары коронавирус жуктуруп алган медиктерге азырынча компенсация бөлүнө электигин айтып, ар бир дарыгердин ишин атайын адистер тобу иликтеп, андан соң каражат берилерин кошумчалады.

Паломники во время хаджа в Саудовской Аравии - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандыктарды умрага жөнөткөн фирмаларга чара көрүлөбү? Коменданттын жообу
Эске салсак, 11-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 41 жаңы учур катталды. Аны менен өлкөдө бейтаптардын саны 339га жетти. Инфекцияны жуктурган медиктердин жалпы саны 51 болду.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүз ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.

Кыргызстанда ушу тапта абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Мындан тышкары, кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0