Бишкектеги обсервация жайларынын жайгашкан жери айтылды

© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүүОоруканадагы обсервация үчүн палатасы. Архив
Ооруканадагы обсервация үчүн палатасы. Архив   - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чет мамлекеттен келгендер жана оорулуулар менен байланышта болгондор шаардагы мейманкана, отель жана медборборлордо уюштурулган обсервациялык жайда экендиги айтылды.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Бишкектин беш жеринде обсервациялык пункт иш алып барууда. Бул туурасында брифинг учурунда Бишкектин коменданты Алмаз Орозалиев билдирди.

Анын айтымында, "Ак-Кеме" жана "Достук" мейманканасында, "Garden Hotel" отелинде, Улуттук онкология борбору менен Мамакеев атындагы Улуттук хирургия борборунда обсервациялык жайлар уюштурулган.

ИИМдин кызматкери блокпостто турган учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Түндө коменданттык саатты 85 киши бузду, анын көбү Бишкекте
Обсервация — бул карантиндик жай. Ага чет мамлекеттен келген жана оорулуулар менен байланышта болгон, бирок вирус аныктала элек жарандар жатат. Анализдери COVID-19 бар экендигин аныктаса, стационарларга, тагыраагы, ооруканага которулушат.

Кыргызстанда бир суткада 41 кишиден коронавирус чыгып, жалпы жонунан вирус аныкталган адамдардын жалпы саны 339 болду. Арасынан беш киши каза таап, 44 киши сакайды. Тилекке каршы, 51 медицина кызматкери COVID-19 менен күрөшүп жатат.

Кыргызстанда ушу тапта абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Мындан тышкары, кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0