Баткенде элдин күчү менен Ак-Гоорум каналы курулуп, суу жиберилди. Сүрөт, видео

© Sputnik / Вячеслав Бобков / Медиабанкка өтүүДарвинский заповедник
Дарвинский заповедник - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Каналдын узундугу 7,5 чакырым. Ал 300 гектар жерге сугат суу жана 330 кожолукка таза суу жеткирет. Муну жергиликтүү бийлик менен тургундар өз күчү менен курушкан.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Баткен облусунун Кадамжай районундагы Ак-Гоорум каналынын курулушу аяктап, текшерүү үчүн суу коё берилди. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы билдирди.

Ага ылайык, жаңы курулган каналдын узундугу 7,5 чакырым. Эми ал 300 гектар жерге сугат суу жана 330 кожолукка таза суу жеткирет.

Жайыттагы мал. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баткенде жайлоого мал айдоого чектөө коюлду. Башка аймактарда абал кандай
Маалыматта былтыр жергиликтүү эл Исфайрам дарыясынан Майдан айылына таза суу жана сугат суусун тартып келүү боюнча демилге көтөргөнү айтылат. Буга чейин айыл эли Бант булагынын суусун пайдаланып келген.

Мындан улам жергиликтүү бийлик каржы булагын издеп, "Беш-Арча" тоо кен ишканасынын социалдык пакети жана "Ассалам" кайрымдуулук фондунун колдоосу менен курулуш башталган.

Каналдын курулушуна 12,8 миллион сом жумшалган. Курулушка жергиликтүү эл акысыз иштеп бергени маалымдалды. Мындан эки оор техниканын айдоочусу гана эмгек акы менен камсыз болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0