Премьер: оорулуу менен катнашта болгон акыркы адам табылмайын, карантин токтобойт

© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирустан улам өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, ошондой эле Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал режими иштеп жатат.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Тесттердин бардыгынын анализи чыгып, алардын контакттары боюнча акыркы киши такталмайынча карантинди токтото албайбыз. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Республикалык штабдын жыйынында билдирди.

Анын айтымында, адамдар ортосундагы байланышты минималдаштыруу боюнча аракеттер — коронавирус инфекциясынын кеңири жайылышына каршы туруунун эң натыйжалуу ыкмасы.

"Биз үчүн ар бир жарандын өмүрү баалуу. Эпидемиянын учурдагы абалын көрүп туруп, кырдаалды жеңилдетип коюуга жол бере албайбыз. Акыркы контакт болгон адам табылганга чейин иштейбиз. 100 пайыз жок деген ишеним керек. Бүгүнкү күндө дары-дармектер жана медициналык жабдуулар жетиштүү, бирок запастарды убагында толтуруп туруу зарыл. Ошол үчүн дагы ала турган муктаждыктардын эсеби күн сайын чыгарылып жатат. Өкмөт медициналык кызматкерлерди тийиштүү каражаттар менен камсыздоого жана коронавируска каршы натыйжалуу күрөш жүргүзүү үчүн шарттарды түзүүгө бардык күч-аракетин жумшайт", — деди Абылгазиев.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев  - Sputnik Кыргызстан
Каратаев: үй карантининин убактысы өзгөргөн жок, 14 күнгө созулат
Эскерте кетсек, коронавирустан улам өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, 25-марттан Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, ошондой эле Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал режими иштеп жатат. Мында коменданттык саат киргизилип, кечки саат 8ден эртең мененки 7ге чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Мындай тартип 15-апрелге чейин деп белгиленген.

Ушу тапта Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 339га жетти. Анын 44ү айыгып чыкса, беш киши каза болду. Бейтаптардын арасында 51 медицина кызматкери бар.

Жаңылыктар түрмөгү
0