Жекшембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековГүлдөгү жаандын тамчылары. Архив
Гүлдөгү жаандын тамчылары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
12-апрелде түнкүсүн Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу аймактарында кар жаайт. Ошондой эле Чүй облусунун тоолуу жерлеринде жана Нарын облусунун айрым өрөөндөрүндө кар жаай турганы айтылды.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Жекшемби күнү, 12-апрелде, күндүз Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоо этектеринде жаан, тоолуу райондорунда кар жаайт. Чүй, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда кар түшөт, ал эми дыйканчылык аймактарында жана Ысык-Көл, Нарын облустарында күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүйдө +16...+21, Талас аймагында +15...+20, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында +18...+23, Ысык-Көл жана Нарын жергесинде +11...+16 градус жылуу болот.

Күндүн табы борборубуз Бишкекте +17...+19, Ошто +21...+23 градуска чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0