Абылгазиев: айлык акылар кечиктирилбей берилет

© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевПремьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Республикалык штабдын жыйынында
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Республикалык штабдын жыйынында - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Премьер-министр белгилегендей, учурда көптөгөн жарандар оор абалда калды, бирок андан чыгуу үчүн дарыгерлердин жана адистердин сунуштамаларын угуу зарыл.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Өкмөт бардык муктаждарга жардам бере турганын премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Республикалык штабдын жыйынында билдирди.

Финансы министри Бактыгүл Жээнбаева брифинг учурунда  - Sputnik Кыргызстан
КР эл аралык уюмдардан кайсы мөөнөткө канча пайыздык насыя алды? Тизме
Буга чейин премьер коронавирус жуктурган бейтап менен катнашта болгон акыркы адам табылмайын, карантин токтобой турганын билдирген.

Анын айтымында, учурда көптөгөн жарандар оор абалда калды, бирок андан чыгуу үчүн дарыгерлердин жана адистердин сунуштамаларын угуу зарыл.

Ушул тапта Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин атайын эсебине 10 миллион 846 миң сом түшкөн, анын ичинен 4 миллион 380 миң сому азык-түлүк топтомун сатып алып, таркатууга жумшалган.

"Ошондой эле Социалдык фондго жана "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасына пенсияларды өз мөөнөтүндө жеткирүү тапшырылды. Айлык акыларды төлөп берүүдө эч кандай көйгөйлөр жана кечиктирүүлөр болбойт", — деди Абылгазиев.

Анын билдиришинче, өкмөттүн чечими менен 80 миңден ашуун муктаж үй-бүлөгө жардам көрсөтүү үчүн азык-түлүк топтому чогултулуп, 10 миң тонна ун бөлүнгөн. Мындан тышкары, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун тегерегинде каттоосуз жашаган, пенсия жана жөлөк пул албаган жарандарга гуманитардык жардам көрсөтүү үчүн 600 тонна ун жана 35 тонна кумшекер бөлүү чечими кабыл алынган.

Премьер-министр ушундай эле иштер Кара-Суу, Сузак жана Ноокат райондорунда да жүргүзүлүп жатканын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0