Бишкекте балдар психологдору телефон аркылуу акысыз кызмат көрсөтөт

© AFP / JUNG YEON-JEМедициналык бет капчан кыз смартфонду кармап турат. Архив
Медициналык бет капчан кыз смартфонду кармап турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэриянын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын 111 ишеним номери күнү-түнү иштейт. Бул номерге балдарга байланыштуу маселе менен гана кайрылууга болот.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Бишкекте балдарга, алардын ата-энелерине психологдор телефон аркылуу акысыз кызмат көрсөтөт. Бул тууралуу мэриянын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, мэриянын социалдык өнүктүрүү башкармалыгынын 111 ишеним номери күнү-түнү иштейт. Бул номерге балдарга байланыштуу маселе менен гана кайрылууга болот.

Окуучу кыз үйдө сабагын окуп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бүгүн дистанттык окуу башталды. Балага иш ордун кантип даярдап берүү керек
"Урматтуу ата-энелер! Төртүнчү чейректи балдар дистанттык түрдө окуп баштады. Азыркы кырдаалда ата-энелер да аралыктан иштөөдө. Дүйнөнү бала чоңдордой кабыл албайт, башкача ой жүгүртүүсү мүмкүн. Көз караштар дал келбей калган учурлар болот. Балдар менен түшүнбөстүк жаралса кесипкөй соцпедагог, психологдорго кайрылууну өтүнөбүз. Ар бир мектепте психологдор иштейт. Аларга чалып акысыз кеңеш, консультация ала аласыздар. Телефон номерлери ата-энелер чатында болушу керек", — деп кайрылган мэрия.

Буга чейин Республикалык штаб азыркы кырдаалга кыжалат болуп, санаа тартып жаткандарга психологго кайрылууну сунуштап, алардын телефондору менен бөлүшкөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0