Ошто коронавирус жуктуруп алган медиктердин үйүнө азык-түлүк таратылды

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшОш шаардык клиникалык оорукананын дарыгерлери. Архив
Ош шаардык клиникалык оорукананын дарыгерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин да шаар мэринин тапшырмасы менен үйүнө барбай иштеп жаткан 30 дарыгердин үй-бүлөсүнө азык-түлүк берилген.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Ош шаардык мэриясы коронавируска кабылган бейтаптарды дарылап жаткан жана COVID-19 жуктуруп алган медицина кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө азык-түлүк таратты. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.

"Шаардык тез жардам кызматында иштеген 15 адамдын, коронавируска кабылгандарды дарылап жаткан 11 дарыгердин жана коронавирус жугузуп алган медицина кызматкерлеринин үй-бүлөсүнө азык-түлүк жеткирилди", — деп айтылат маалыматта.

Дарыгре тез жардам унаасында. Архив  - Sputnik Кыргызстан
Министрлик: медиктерди 1000дей транспорт ташып жатат
Буга чейин да шаар мэринин тапшырмасы менен үйүнө барбай иштеп жаткан 30 дарыгердин үй-бүлөсүнө азык-түлүк таратылган.

11-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 41 жаңы учур катталды. Аны менен өлкөдө бейтаптардын саны 339га жетти. Инфекцияны жуктурган медиктердин жалпы саны 51 болду.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүз ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0