Италияда жашаган Сарногоева: карантинге каршы чыгып жатып, вирус жайылып кетти

© REUTERS / Remo CasilliСитуация в Италии из-за пандемии коронавируса
Ситуация в Италии из-за пандемии коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кытайда башталган коронавирустан эң көп жабыркаган өлкөлөрдүн сап башында Италия турат. Азыркы учурда өлкөдө вирусту жуктургандардын саны 140 миңге жакындаса, каза болгондор 17 миңден ашты.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Италияда көп жылдан бери жашаган кыргызстандык Гүлсана Сарногоева менен баарлашып, коронавирустун жайылышы, өлкөдөгү азыркы абал жана илдетти токтотуу иштери тууралуу маалымат алды. 

© Фото / предоставлено Гулсаной СарногоевойИталияда көп жылдан бери жашаган кыргызстандык Гүлсана Сарногоева
Италияда жашаган Сарногоева: карантинге каршы чыгып жатып, вирус жайылып кетти - Sputnik Кыргызстан
Италияда көп жылдан бери жашаган кыргызстандык Гүлсана Сарногоева

— Алгач Италияда эмне менен алектенериңизди айта кетсеңиз?

— Италияга келгениме 20 жылдан ашып калды. Өзүмдүн кесибим боюнча жумушка кирүү кыйын болгондуктан ушул күнгө чейин алты жолу иш алмаштырыпмын. Алгач Рим шаарында жашаган бир айымдын кичинекей кызын карап, мектепке алып барып келчүмүн. Тилди жакшыраак үйрөнгөнүмдөн кийин жеке мектепте, дүкөндөрдө иштедим. Аны менен катар Рахиля Жусупова жетектеген "Эрайым" эл аралык аялдар коомунун Европа боюнча консультанты катары кызмат кылдым. Кийин чакан мейманкана тейлеп, ошону менен бирге эле телекөрсөтүүлөрдө атайын фигурант болдум. Азыркы убакта Фолиньо деген шаарда жашайм. Бул жерде дүйнөнүн булуң-бурчунан келген ар түрдүү үлуттардан түзүлгөн "Элдер үйү" аттуу уюм бар. Мен Кыргызстан боюнча кеңешчимин. Акыркы убакта Римде жаңы бир иш баштайын деп катуу даярданып жаткам, тилекке каршы, коронавирустун айынан үйдөн чыкпай калдым.

— Коронавирустун Италияда башталышы тууралуу кеп салсаңыз?

— Алгач январдын аяк ченинде жаңылыктардан Римдеги мейманканалардын биринде кытай улутундагы улгайган турист жубайлардан коронавирус аныкталганы айтылган. Алар ооруканага жаткырылып, мейманкана жабылган. Ал жерде иштегендер, жөн гана түнөгөндөрдүн баары текшерилип, кытайлар менен жолуккан, чогуу жүргөндөр издөөгө алынган. Туристтер бир айдан кийин айыгып чыгышты. 3-февралда Кытайдын коронавирус чыккан шаарында иштеп, окуп жүргөн 55 италия жараны аскер учагы менен алып келинип, карантинге алынган. Алар эки жумадан кийин чыгышкан. 22-февралда өлкөнүн түндүк жагындагы Ломбардия аймагында жашаган бир кишиден коронавирус чыккандыгы, андан жубайына, досторуна, кесиптештерине жуккандыгы кабарланды. Дароо шаарды жаап, уруксатсыз кирип чыга албай турган кылышты. Бирок аймактагы башка бир катар шаарларда ооругандардын саны күндөн-күнгө өсө берди.

— Өлкөдө вируска чалдыккандардын саны көбөйүп кетишине эмне себеп болду деп ойлойсуз?

Ситуация в Франции в связи с пандемией коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Коронавируска кабылган адамдар кантип үзүлөт. Ноокаттагы дарыгер менен маек
— Ломбардияга караштуу кээ-бир шаарларда көптөгөн завод, фабрикалар жайгашкан. Алар иш жүрбөй калат деп карантинге каршы чыгышкан экен. Кытай менен келишим түзүп иштеген ишкерлер да болгон. Эки өлкөнүн жарандары бири-бирине каттап турушкан. Мындан улам ооруп калган ишкерлерден үй-бүлөсүнө, жумушчуларга жугуп, вируска кептелгендердин саны өсө берди. Башында дарыгерлер ооруп калгандарды жөн гана грипп деп  дарылай беришкен. Мындан улам кээ бир врачтарга, медайымдарга, бейтаптарга вирус жугат. Ооругандардын саны күн сайын көбөйүп, каза болгондор чыга баштаганда гана коронавирус экендиги билинет. Ломбардия вирустун анык очогуна айланды. Мунун баары губернатордун, аймак бийлигинин шалаакылыгы десем жаңылышпайм го.

— Коронавирус экендиги аныкталгандан кийин кадамдар кандай болду?

— Кырдаалдын күчөгөнүн көргөн Италия өкмөтү 9-мартта бүт өлкөнү "кызыл зонага" киргизди. Бирок карантин болорун уккан Милан шаарындагы кээ бир студенттер башка аймакта жайгашкан үйлөрүнө кетип калууга үлгүрүшкөн экен. Тилекке каршы, алардын арасында ооругандар болот. Ушундай нерселерден улам канчалык бүт өлкө карантинге алынбасын, илдетке чалдыккандардын жана каза болгондордун саны чындыгында эле өтө көбөйүп кетти. Акыркы убакта эрежелер катуу сакталып, ооругандардын саны акырындап азаюуда. Күн сайын жаңылыктардан Элди коргоо штабы ооругандардын, айыккандардын жана кайтыш болгондордун санын айтып турат.

— Карантин тууралуу айта кетсеңиз. Эреже жакшы эле сакталып жатабы?

Профессор, кардиолог Талантбек Сооронбаев - Sputnik Кыргызстан
COVID-19 жуккандарды дарылаган врач: карантин сакталса вирусту 3-4 жумада жеңебиз
— Карантин болгондон бери атайын уруксаты бар жумушчулар гана иштешет. Алар: супермаркеттер, дарыканалар, почта, банк, май куюп саткан жерлер жана күнүмдүк керектелүүчү азыктарды ташыгандар. Баары эрежени сактап бет кап тагынып, аралыкты сактап, колдорун таза кармашат. Ал эми үйдө отургандардан тамак-аш алыш үчүн бир үй-бүлөдөн бир гана киши чыгат. Сыртка чыкканда эрежени сактабаса, айып пул төлөшөт. 24-мартта министрлер кеңеши буйрук чыгарган. Ага ылайык, ооруганын жашыргандар беш жылга чейин түрмөгө кесилет. Эреже бузгандар 400дөн 3000 еврого чейин жазага тартылат.

— Иштебей калгандар үчүн каржылык жактан жардам көрсөтүлүүдөбү?

— Өкмөт жумушка чыга албай үйдө олтуруп калгандар үчүн каражат бөлүп беребиз деп чечти. Аларга айлык акысынан, иштеп тапкан акчасынан бир аз төмөнүрөөк акча бөлүнмөй болду дешти. Менин билишимче, ала турган маянасынын 80 пайызы берилмекчи.

— Сиз жашаган жердеги акыбал кандай?

— Мен азыркы убакта Умбрия аймагына караштуу Фолиньо шаарында жашайм. Бир айдан бери үйдөн чыга элекмин. Үй жумушу менен алек болуп, жергиликтүү жана кыргыз жазуучуларынын китептерин окуп, баш кийим токуйм. Жакындар, достор менен телефон аркылуу байланышам. Италиядагы мекендештер менен да сүйлөшүп турам. Баары аман-эсен, ооругандар жок. Балконго чыгып сергип, таза аба менен дем алып жатабыз.

— Үйдө олтурсаңыз тамак-аш жагын кандай кылып жатасыздар?

— Тамак-ашка бир күн мурда буюртма берсек, эртеси алып келип беришет. Өз ыктыяры менен элге жардам бергиси келген инсандар азык-түлүк, күнүмдүк жашоого керектелчү нерселерди жеткирип турушат. Аларды күн сайын дарыгерлер текшерет. Буюртманы алуунун да өзүнчө эрежеси бар. Үйгө бет кап менен келип, бизден бир метр алыс туруп, кутуну жерге коюп, үстүнө эсеп кагазын ташташат. Андан соң бир жарым метрдей артка жылышат. Биз акчаны жерге коюп, кутуну алып кирип кетебиз. Мен жашаган жердин бийлиги жакшы иштеп жатат десем болот. Күнүнө 2-3 жолу полиция кызматкерлери көчөлөрдү аралап, эрежени сактагыла деп мегафон менен айтып турушат. Эртең менен жумушчулары көчөлөрдү жууп чыгат. Ошол эле учурда дрон менен шаардын ичин көзөмөлдөшөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0