Жаанчыл болот! Бир жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековПрирода Жыргалана. Иссык-Кульская область
Природа Жыргалана. Иссык-Кульская область - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Синоптиктерден божомолу боюнча, бул жумада өлкөнүн бардык аймактарында жамгыр жаап, апта соңунда гана күндүн көзү ачылат.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Кыргызгидромет агенттиги алдыдагы аптага карата аба ырайынын божомолун таратты. Билдирүүдө бул жума жаанчыл болору жана тоолорго кар түшөрү кабарланды.

Бишкек шаары

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев  - Sputnik Кыргызстан
Айыл чарба министри: өлкөдө жүргөн үшүк дан эгиндерине зыянын тийгизбейт
13-апрелде түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, эртең менен жана күндүз жамгыр жаашы күтүлөт. 14-15-апрелде мезгил-мезгили менен жаан жаайт. Апта аягында күн ачык болот. 13-14-апрель күндөрү батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 14 метрге жетиши ыктымал.

Чүй, Талас облустарында

13-15-апрель күндөрү Талас облусунун көпчүлүк аймактарында, Чүйдүн кээ бир райондорунда жамгыр, тоолуу райондорунда кар жаайт.

16-апрелде Чүй облусунун кээ бир райондорунда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу аймактарда кар жаашы мүмкүн. Талас облусунда күн ачык болот.

17-апрелде тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, дыйканчылык аймактарда күн ачык болот.

Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында

Күтүүсүз түшкөн кар, ээн калган көчөлөр. Бишкектин асмандан көрүнүшү - Sputnik Кыргызстан
Күтүүсүз түшкөн кар, ээн калган көчөлөр. Бишкектин асмандан көрүнүшү
13-апрелде Баткен облусунун көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад облустарынын кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаай турганы айтылат.

14-15-апрелде кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн.

16-17-апрелде Ош, Жалал-Абад облустарынын тоолуу райондорунда кар жаайт, дыйканчылык аймактарында жана Баткен облусунда күн ачык болот.

Ысык-Көл облусунда

13-апрелде күндүз жана 14-апрелде кээ бир райондордо жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт.

Погода в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Кыргызгидромет: Бишкек шаарында аба тазарды
15-16-апрелде көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жамгыр, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. 15-апрелде кээ бир райондордо жаан катуу жаай турганын синоптиктер эскертти.

17-апрелде түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы ыктымал, күндүзү жаан-чачын болбойт.

Нарын облусу

13-апрелде кээ бир райондордо жамгыр, тоолуу райондорго кар түшөт.

14-16-апрель күндөрү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан жайт.

17-апрелде түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаайт, ал эми күндүзү жаан-чачын күтүлбөйт.

Жаңылыктар түрмөгү
0