Көлдөгү коронавирус чуусу. Бейтаптар отурган эки бустун жүргүнчүлөрү кайда?

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүМедициналык кызматкер жүргүнчүлөрдүн температурасын текшерип жатат. Архив
Медициналык кызматкер жүргүнчүлөрдүн температурасын текшерип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттиги Ысык-Көл облусунда коронавирус аныкталган төрт адамдын маршруттук картасын тактоого аракет кылды. Булар Балыкчы жана Караколго чейин бир топ адам менен буста чогуу барышкан. Ал жүргүнчүлөр азыр табылбай жатат.

Акыркы маалыматтар боюнча, Ысык-Көл облусунда коронавирус жуктуруп алгандардын саны алтыга жетти. Коронавирус аныкталгандардын төртөө Индиядан келген, ал эми экөө алар менен байланышта болгондор.

Sputnik Кыргызстан агенттиги Индиядан дааваттан келген төрт адамдын обсервациядан чыккандан кийин Көлгө чейин канча маршрут алмаштырганын тактап билди.

Биринчи учур

31-март күнү Индияга дааватка барып келген Түп районунун эки жашоочусунан коронавирус аныкталган. Маалыматка ылайык, аларды аэропорттон текшерип, үч күн обсервацияга жаткырышкан. Биринчи анализдери таза чыккандыктан 24-март күнү үйүнө кетүүгө уруксат берилген.

Жергиликтүү бийлик бул жарандар ошол эле күнү 13 адам менен бир маршруткада Балыкчы шаарына чейин барганын айткан.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Жумабеков. Архив - Sputnik Кыргызстан
ӨА режимин узартуу сунушталды. Депутаттар жыйынга чогулат
Бирок 23-марттан тарта өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыялангандыктан, маршрутка Балыкчынын кире беришиндеги санитардык-карантиндик посттон артка кайтарылган. Ысык-Көлдө каттоосу барлар посттон жөө өтүшкөнү айтылууда. Алардын ичинде дааваттан келген эки адам дагы бар. Эки жаран андан ары Түп районуна такси менен кетишкени айтылат. Ошентип Делиден келген эки киши түнкү саат 3.00дө үйүнө жеткен. Эртеси жергиликтүү фельдшерлер алардын үйүнө барып саламаттыгын текшерип, шектүү симптомдор тууралуу районго кабарлаган. Мындан улам экөө тең кайра обсервацияга жаткырылып, дагы бир ирет анализ тапшырганда коронавирус жуктурганы аныкталган. Бирөөнүн беш, экинчисинин жети үй-бүлө мүчөсү обсервацияга жаткырылып, аларды жеткирген таксист дагы үй-бүлөсү менен карантинге алынганы айтылат.

Кийинчерээк Ысык-Көл облусунун жетекчилиги буста бул эки адам менен чогуу болгон жарандарга кайрылып, тезинен анализ тапшырууга чакырат. Атургай вирус жуктурган бейтаптын видеосун да чыгарышкан. Бирок жергиликтүү бийликтин берген маалыматы боюнча азыр бустагы жүргүнчүлөрдүн бири да табыла элек.

Экинчи учур

Көп өтпөй Ысык-Көлдө дагы эки адамдан коронавирус аныкталгандыгы айтылды. Бири Каракол шаарынан болсо, экинчиси Ак-Суу районунан табылган.

Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, бул эки адам дагы Индияга дааватка барып келишкен. Анын жанында дагы бир киши бар болчу. Үчөө Кыргызстанга 22-мартта келип, "Ганси" базасындагы обсервацияга жаткырылат. 24-март күнү алардын биринчи анализдери коронавирус жок экенин көрсөтүп, үч жаран үй карантинине чыгарылган. Обсервацияда бул үчөө эки эле күн жаткан. Негизи баштапкы алгоритм боюнча сырттан келген жарандар обсервацияда үч күн жатышы керек эле...

"24-март күнү кечинде Бишкектен Балыкчыга чейин жүргүнчүлөрдү ташыган маршрутка менен Балыкчы шаарынын кире беришиндеги постко чейин келишкен. Бирок өлкөдө өзгөчө кырдаал режими жарыялангандыктан, маршрутка андан ары өтө алган эмес. Ал эми обсервациядан чыккан үч жаран Ысык-Көлдө каттоосу болгондуктан, посттон жөө эле өтүп кетишкен", — деп айтылат маалыматта.

Үч жаран Балыкчы шаарынын кире беришинен Сары-Камыш айылына чейин такси менен барып, түшүп калышкан. Ал жактагы посттон дагы жөө өтүшөт. Андан ары кара түстөгү 09KG 411AAB номерлүү Mercedes-Benz маршруткасына түшүшөт. Бус айдоочусу алар менен кошо 18-20дай жүргүнчүнү салып Каракол шаарына жөнөгөн.

Незаконная перевозка пассажиров в грузовике в Иссык-Кульской области - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдө адамдарды жүк ташуучу унаага катып бараткандар кармалды. Сүрөт
"Орто жолдон Ысык-Көл, Түп райондоруна түшүп калган жарандар болгон", — деп жазылат билдирүүдө.

Караколдун айлампа жолунан үчөөнүн бири түшүп калып, экөө андан ары Алтын-Казык кичи районундагы намазканага барышкан. Коронавирус кийин дал ушул эки адамдан аныкталган. Алардын жакындарынын баары обсервацияга жаткырылган. 12-апрель күнү Ысык-Көлдө коронавирус дагы эки адамдан аныкталган. Жергиликтүү бийликтин маалыматында, алар дааватка барып келген караколдук кишинин үй-бүлө мүчөлөрү болуп чыкты.

Коронавирус аныкталган эки адам менен кошо Индиядан келген үчүнчү кишинин азыр анализи чыга элек.

Облбийлик 25-мартка караган түнү дал ушул эки адам менен буста Караколго чейин чогуу барган жүргүнчүлөрдү издеп дагы бир жолу жашоочуларына кайрылды.

"25-март күнү саат 00:30дар чамасында Балыкчы шаары менен Сары-Камыш айылынын чегинен Каракол шаарына сапар тартып, саат 04:30дар чамасында Караколго келген кара түстөгү 09KG 411AAB номерлүү Mercedes-Benz маршруткасынын жүргүнчүлөрүнө кайрылабыз. Жеке өзүңүздүн, жакындарыңыздын жана элдин коопсуздугу үчүн тез аранын ичинде жакынкы поликлиникага барып COVID-19га анализ тапшырыңыздар", — деп айтылат маалыматта.

Азыркы учурда 09KG 411AAB номерлүү Mercedes-Benz маршруткасынын айдоочусу үй-бүлөсү менен обсервацияга алынган.

Ушуну менен облбийлик эки башка бустун жүргүнчүлөрүн издеп, экинчи ирет элге кайрылды. Маршрутка жүргүнчүлөрү, таксист айдоочусу дагы эле изделип жатат. Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлчүлүгүнүн акыркы маалыматына ылайык, жүргүнчүлөр бири-серин бейтапканаларга келишүүдө. Бирок баары табыла элек.

Президент Сооронбай Жээнбеков биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Бороновду кабыл алды - Sputnik Кыргызстан
Штаб президентке өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартууну сунуштады
Ал эми Түптөгү эки жаран менен Караколго кеткен эки жаран Балыкчыга чейин бир бус менен барган-барбаганын укук коргоо органдары тактап жатканын айтты.

Материалдын соңунда "Индиядан келген жарандар эмне себептен обсервацияда эки эле күн жаткан, үй карантинине чыгарылганда аларды бирөө жарым көзөмөлдөп текшериши керек беле? Эмне себептен алар үйлөрүнө көп адам отурган бус менен кетишкен?" деген суроо жаралат.

Саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев бул суроого 12-апрелдеги брифингде жооп берди.

"Бул боюнча атайын жумушчу топ түзүлгөн, алар ишти карап чыгат. Эгер күнөөсү болсо, жазага тартылат. Үй карантинге чыгарууда дагы негизги стандарттар, алгоритм сакталышы керек эле", — деди Каратаев.

Ысык-Көл облусунун ыкчам штабынын маалыматы боюнча, өткөн суткада обсервациядан үй карантинине 31 адам чыккан.

"Учурда 32 адам обсервацияда. Анын ичинен Караколдо сегиз, Ак-Сууда 10, Ысык-Көл районунда сегиз, Жети-Өгүздө үчөө. Коронавирус жуктурган алты киши жугуштуу оорулар ооруканасында", — деп айтылат маалыматта.

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 13-апрелге карата 419га жетти. Басымдуу бөлүгү Ош жана Жалал-Абад облустарында. 79 медик коронавирус жуктуруп алып, үчөөнүн абалы оор экендиги айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0