Ажы тойдон коронавирус жугузган. Боронов медиктерден кечирим сурады

© Фото / Республиканский штаб КР по борьбе с COVID-19Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов
Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин Боронов Оштогу дарыгерлер коронавирусту умрага барып келген кошунасынын чайын ичкени барып жуктуруп алганын айткан болчу.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов маалымат жыйында дарыгерлерден кечирим сурады.

“Медицина кызматкерлеринин оорусу боюнча айткан сөзүм соцтармактын жана кээ бир саясатчылардын көңүлүн бурган маселе болду. Менин кебимди кайсы бир кызматкер өзүнө алып алган. Мен анда бирөөнүн аты-жөнүн атаган эмесмин. Негизги максат медицина кызматкерлерге чара колдонуп, оорусун ашкерелөө болгон эмес. Ушуга окшогон маселелерге чалдыкпай, иштерин так аткарып жүрсө деген ой болчу. Мен жалпы медицина кызматкерлеринен расмий түрдө кечирим сурайм. Эгерде ошол маалымат аброюңуздарга шек келтирүү катары кабыл алынса, туура түшүнүңүздөр. Медиктерди ар дайым колдоп, жардам көрсөтөбүз. Штабдын жетекчиси катары алардын ишин өз көзүм менен көрүп жатам. Ошондуктан эгер туура эмес кабыл алсаңыздар, дагы бир жолу кечирим сурайм”, — деди Боронов.

Эске салсак, буга чейин Боронов брифинг учурунда "Ош шаардык балдардын жугуштуу илдеттер ооруканасынын дарыгери коронавирусту Сауд Аравияга кичи ажылыкка барып келген кошунасынын үйүнө баргандан кийин жуктуруп алганы белгилүү болду", — деп билдирген. Бирок анын аты-жөнүн ачыктаган эмес.

Кийин ал жакта иштеген дарыгерлер ызаланып, алар обсервацияда жаткандарды текшерүү учурунда жуктуруп алышканын айтып чыгышкан.

Коронавирустун кесепети

Врачи Бишкека присоединились к мировому коронавирусному флешмобу. - Sputnik Кыргызстан
Атайын эсепке түшкөн каражаттын 38,8 млн. сому дарыгерлерге берилет
Кыргызстанда коронавирус аныкталган адамдардын саны 419га жетти. Анын ичинен 67 адам айыгып чыкса, бешөө каза болуп калды. Ошону менен бирге 79 медицина кызматкери оору менен алышууда, үчөөнүн абалы оор.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0