Бишкекте иштен алынган дарыгер куугунтукталып жатабы? Жетекчилиги эмне дейт

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүНа блокпост Национальной гвардии Украины напали неизвестные
На блокпост Национальной гвардии Украины напали неизвестные - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Редакцияга кайрылган дарыгер аны кызматтан алган чечим менен макул эместигин билдирүүдө. Ал Сооронбай Жээнбековго да кат жазганын айтууда.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Бишкектеги №18 Үй-бүлөлүк медициналык борбордун дарыгери Минара Кулматова 7-апрелде өлкөдөгү түзүлгөн өзгөчө абалга карабай жумуштан алынганын айтып Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигине кайрылган.

Минара Кулматова аталган бейтапканада гинеколог болуп иштеп келген. 

Анын айтымында, 2020-жылдын февралында ЖК депутаты (учурда социалдык иштер боюнча вице-премьер) Аида Исмаилова баштаган комиссия борборду текшерүүгө алып, 2019-жылдын 19-апрелинде жана 10-майында бейтапкананын 11 кызматкерине сый акы берилгендиги аныкталган.

“Сый акы тууралуу биз билген эмеспиз. Мен профком катарында мунун мыйзамсыз экендигин айтып чыккандыгым үчүн куугунтукка кабылдым. Болбогон жерден эки сөгүш жарыялай коюп, кызматтан алышты. Бул тууралуу укук коргоо органдарына да кайрылдым. Азырынча эч кандай майнап чыга элек. Президент Сооронбай Жээнбековдун атына да кат жаздым. Эгер мен чын эле мыйзамсыз иштерди жасаган болсом, бейтапкананын башкы дарыгери Жантайбеков экөөбүздү тең атайын органдар текшерсин”, — деди Кулматова.

Медициналык кызматкер жүргүнчүлөрдүн температурасын текшерип жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Көлдөгү коронавирус чуусу. Бейтаптар отурган эки бустун жүргүнчүлөрү кайда?
Редакция аталган борбордун жетекчилигине жана Саламаттык сактоо министрлигине кайрылып көрүүнү чечти.

Министрликтин юридика бөлүмүнүн башчысы Азамат Жумакеев дарыгердин кызматтан алынышы мыйзамдуу болгонун жана ага негиз бар экенин билдирди.

“Эмгек кодекси боюнча өзгөчө абал учурунда кызматкерди негизсиз жумуштан алууга болбойт. Биздеги маалымат боюнча бул дарыгерди иштен алууга негиз бар”, — деди Жумакеев.

Ал эми №18 Үй-бүлөлүк медициналык борбордун башкы дарыгери Тилек Жантайбековдун айтымында, кызматкерлерди жумуштан кетирүүгө ага кызматтык укук берилген эмес.

“Жеке курам боюнча кызматкерлерди жумуштан алмак турсун, мен сөгүш да бере албайм. Ошондуктан аны мен кетирген жокмун. Экинчиден, буга чейин анын эскертүүлөрү бар болчу”, — деди ал. 

Белгилей кетсек, Кулматова Октябрь районунун бириккен үй-бүлөлүк медициналык борборунун жетекчиси Асель Теңизбаеванын буйругу менен кызматтан алынган.

Работа маршрутного такси в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Автобуста кысылган медиктер. Бишкек мэриясы түшүндүрмө берди
“Башында ал башкы дарыгерден эскертүү алып, ага тартип чарасы колдонулган. Андан кийин министрликтин сайтында бойдон алдырууга акча талап кылгандыгы боюнча кардардан арыз түшкөн. Мындан тышкары, ал кайрылгандарга дары саткан. Биз ички кызматтык иликтөө жүргүздүк. Министрлик да атайын комиссия менен текшерүүгө алып, тартиптик чара колдонуу тууралуу чечим кабыл алган. Бул анын экинчи эскертүүсү болгондуктан, сөгүш алды. Андан кийин прокуратурадан текшерип, эч негизсиз жазылган рецепттер табылды. Муну менен катар Кулматова үч күн эч себепсиз жумушка келбей койгон. Жогорудагы фактылардын негизинде биз аны жумуштан алдык. Тийиштүү документтердин көчүрмөсүн министрликке жибергенбиз”, — деди Теңизбаева. 

Ал кошумчалагандай, кызматтан кеткен дарыгер профкомдун мүчөсү болгон.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы жумуштан алынган дарыгердин кайрылуусу боюнча Финансы полициясына кайрылды. Аталган кызмат жакынкы күндөрдө маалымат берерин билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0