Бишкектин турак жайына газ берүү. Архив

Кыргызстанда жаратылыш газы кымбаттады. Себеби

377
(жаңыланган 19:05 13.04.2020)
Январь, февралга караганда кыргызстандыктар көгүлтүр отту кубометрине 2 сомго көбүрөөк төлөйт. Кымбаттоо юридикалык жактарга да тиешелүү.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Кыргызстанда апрель айында жаратылыш газынын баасы көтөрүлдү деп айтылат "Газпром Кыргызстан" ишканасынын сайтында.

Эми эл үчүн бир кубометр газ 17,6 сом, ал эми өндүрүш ишканалары, коммерциялык тараптар жана бюджеттик уюмдарга 21,3 сом болот. Бул кошумча нарк салыгы жана сатуудан түшкөн салыкты кошкондон кийин чыккан сумма.

Компаниядан тарифтердин көтөрүлүшүн доллардын курсунун кымбатташы (марттын аягында валютанын наркы 85 сом болуп кеткен) менен байланыштырышты.

Отун энергетика комплексинин ишин жөнгө салуу боюнча мамлекеттик агенттиктин буйругуна ылайык, "Газпром Кыргызстан" ай сайын тарифтерин доллардын сомго карата курсу боюнча эсептеп турушу керек. Бул Улуттук банктын ар бир айдын биринчи күнүндөгү курсу менен каралат.

"Газпром Кыргызстандын" сайтында марттагы баалар боюнча маалымат жок. Февраль айында кыргызстандыктар бир кубометр газ үчүн 15,3 сомдон төлөгөн. Ал эми өндүрүш ишканалары, коммерциялык тараптар жана бюджеттик уюмдарга бардык салыктарды кошкондо 18,6 сом эле. Январда калк - 15,2 сом, ал эми жогоруда саналган тараптар үчүн 18,6 сом болгон.

Февраль, январга салыштырмалуу кыргызстандыктар эми эки сомдон көбүрөөк төлөп калат.

Улуттук банктын маалыматына караганда, 1-мартта доллардын курсу 69,85 сом болгон.

ОПЕК+ өлкөлөрү 6-мартта мунай казууну кыскартуу жөнүндөгү келишимдин параметрлерин өзгөртүү боюнча да, келишимдин мөөнөтүн узартуу жөнүндө да бир пикирге келе алышкан эмес. Натыйжада 1-апрелден тарта мурдагы альянстын курамындагы өлкөлөрдө мунай өндүрүүдө чектөөлөр жоюлган. Бул менен катар коронавирус пандемиясы да мунай рыногундагы кырдаалды курчуткан. Долларга карата рубль арзандап, анын кесепетинен сомдун курсу да түшүп кеткен. Доллар 85 сомго чыккан.

Бир нече сүйлөшүүлөрдөн кийин ОПЕК+ альянсынын өлкөлөрү мунайды өндүрүүнү 1-майдан тарта суткасына 9,7 миллион баррелге азайткан.

377
Белгилер:
Рубль, сом, доллар, курс, кымбаттоо, тариф, ОсОО "Газпром Кыргызстан", ОПЕК, Россия, Кыргызстан
Тема боюнча
"Тобокелдиктер дале бар". ОПЕК+ жыйынынын жыйынтыктарына саресеп
Бишкекте иштен алынган дарыгер куугунтукталып жатабы? Жетекчилиги эмне дейт
Кытай ноябрда коронавирустун жаңы толкунун божомолдоодо
Кыргызстандын жаранынын паспорту. Архив

Райым Матраимов фамилиясын өзгөртүп алган. Мамкаттоо чоо-жайын айтты

497
(жаңыланган 14:26 20.10.2020)
Буга чейин социалдык тармактарда Матраимов фамилиясын өзгөртүп алды делген паспорттун сүрөттөрү жарыяланган.

Маалымат толукталууда

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Райым Матраимов фамилиясын алмаштыруу үчүн Ош шаарындагы Жарандык актылардын абалын каттоо бөлүмүнө жеке өзү кайрылган. Бул туурасында Мамлекеттик каттоо кызматы расмий түрдө билдирди.

Фото паспорта, в котором Райым Матраимов якобы поменял фамилию
фото распространяемое в мессенджерах
Райым Матраимов фамилиясын алмаштыруу үчүн Ош шаарындагы Жарандык актылардын абалын каттоо бөлүмүнө жеке өзү кайрылган
“Матраимов Р. Ы. аттуу жаран аты-жөнүн өзгөртүүнү сурап кайрылган. Фамилиясын алмаштыруу процедурасы КР мыйзамдарынын алкагында жүргүзүлгөн. Ал аты-жөнүн өзгөртүү тууралуу күбөлүктү алгандан кийин еID паспортун алмаштыруу үчүн Ош шаарындагы Калкты тейлөө борборуна кайрылган. Бирок аталган жаранга документ берүүгө тыюу салуу боюнча чечим бар болгондуктан, ага берүүдөн баш тартышкан”, — деп айтылат маалыматта.

Мамкаттоо укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында Ош шаарындагы Калкты тейлөө борборлорунан жогоруда аталган паспорт алынганын белгилейт.

497
Белгилер:
фамилия, паспорт, Райымбек Матраимов
Тема:
Райым Матраимовдун кармалышы
Тема боюнча
Райым Матраимовдун кармалышы. Белгилүү болгон маалыматтар
Райым Матраимов кармалды

Бишкек мэри Азиз Суракматовдун маалымат жыйыны. Видео

56
(жаңыланган 14:35 20.10.2020)
Суракматов борбор калааны жетектөөгө мындан эки жыл мурун, 2018-жылы, киришип Албек Ибраимовдун ордуна келген.

Бишкек мэри болуп эки жылдан бери иштеп келе жаткан Азиз Суракматовдун кызматтан кете турганы тууралуу маалымат бүгүн тарады. 

Мэрия шаар башчысы маалымат жыйын өткөрө турганын кабарлаган. 

Sputnik жыйынды түз алып берүүдө

56
Белгилер:
отставка, кызмат, мэр, Бишкек мэриясы, Азиз Суракматов
Тема боюнча
Бишкек мэри Суракматовдун иштен кетери айтылды
Өкмөттүн Баткен облусуна жаңы дайындалган өкүлү Жаныбек Жалалов

Өкмөт мажбурлаган. Баткендеги өкүл Жалалов мэрликтен кантип кеткенин тактады

0
(жаңыланган 14:56 20.10.2020)
Буга чейин өкмөт анын 2015-жылы Баткен мэри болуп тургандагы ишин канааттандырарлык эмес деп тапканы айтылган.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Өкмөттүн Баткен облусуна жаңы дайындалган өкүлү Жаныбек Жалалов Баткен шаарынын мэри кызматынан иштей албай кеткен деген маалыматка өкүлчүлүктүн маалымат кызматы расмий билдирүү таратты.

Буга чейин бир катар ЖМК жана социалдык тармактарда Жалалов 2016-жылы өз милдетин аткара албай Баткен шаарынын мэрлигинен кеткен деген маалымат жарыяланган. Өкүлчүлүк бул кабар чындыкка дал келбей турганын билдирди.

Талас менен Нарын облусунун жетекчилери алмашты

"Ошол кезде мэрдин кызмат орду бийликке керек болуп, Жалалов өкмөттүн кийлигишүүсү менен арыз жазууга мажбур болгонун билдиребиз", — деп айтылат маалыматта.

Жалалов облус башчылыгына премьер-министр Садыр Жапаровдун 2020-жылдын 16-октябрындагы №460 буйругу менен дайындалып, 17-октябрда жаңы жетекчи облус активине тааныштырылган.

0
Белгилер:
билдирүү, Жаныбек Жалалов, өкүл, өкмөт, Баткен облусу
Тема боюнча
Оштогу окуя: шектүүнүн өлүмүнөн соң подполковник менен үч капитан иштен кетти