Бишкекте өткөрмө кагазын алып такси кызматын көрсөткөндөр аныкталды

Жазылуу
Блокпосттордон тоскоолдуксуз өтүүгө жол берген уруксат кагаздарын башка максатта пайдаланган жарандардын бардыгы мыйзам чегинде жоопко тартылат.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Бишкекте айрым жарандар карантиндик-санитардык посттордон өтүүгө уруксат берген кагаздарды максатсыз пайдаланып жатканы аныкталды. Бул тууралуу комендатурадан билдиришти.

Маалыматка караганда, шаар ичинде азык-түлүк ташыйм деп уруксат кагаз алгандар кийин такси кызматын көрсөтө башташкан.

"Өзгөчө абал жарыяланган аймакта жана коменданттык саат учурунда такси айдагандар мыйзам чегинде жоопко тартылат", - дешти комендатурадан.

Ажы тойдон коронавирус жугузган. Боронов медиктерден кечирим сурады
 - Sputnik Кыргызстан
Чыдап туруңуздар! Боронов чет өлкөдө калган кыргызстандыктарга кайрылды
Белгилей кетсек, соңку маалымат боюнча, Кыргызстанда коронавирус аныкталган адамдардын жалпы саны 419га жетти. Анын ичинен 67 адам айыгып чыкса, бешөө каза болуп калды. Ошону менен бирге 79 медицина кызматкери оору менен алышууда, үчөөнүн абалы оор.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген. Бирок Республикалык штаб 13-апрель күнү президентке өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартуу сунушун берди.

Жаңылыктар түрмөгү
0