Президент Жээнбеков өзгөчө абал режимин узартуу боюнча Жарлыкка кол койду

Жазылуу
Буга чейин өзгөчө абал 15-апрелге чейин деп белгиленген. Бирок учурдагы эпидемиологиялык кырдаалдан улам обочолонуу режимин узартуу зарылдыгы жаралды.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондоруна киргизилген өзгөчө абал режиминин мөөнөтүн апрелдин аягына чейин (30-апрель) узартуу боюнча Жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.  

Эми акыркы чечимди парламент кабыл алат. Буга чейин Жогорку Кеңеш 15-апрелде жыйынга чогулары айтылган. 

Полиция кызматкери Алма-Атадагы блокпостто. Архив - Sputnik Кыргызстан
Казакстанда өзгөчө абал режими узартылды
Эске салсак, аталган шаар, райондорго коронавирустан улам өзгөчө абал 25-марттан 15-апрелге чейин киргизилген. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүз ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.

Кыргызстанда коронавирустун жайылуусу басаңдай элек. Өлкө боюнча коронавирус аныкталган адамдардын саны 430га жетти. Катталган учурлардын ичинен 230у аял, 200ү эркек.

Буга чейин премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев кеңешме өткөрүп жатып, коронавирус менен күрөшүүдө алдыдагы жума өтө маанилүү экенин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0