ТИМ Россия-казак чек арасындагы 100дөн ашык кыргызстандыктын абалын айтты

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүРоссиянын чек арасында кезекте турган унаалар. Архив
Россиянын чек арасында кезекте турган унаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев чет өлкөдөгү кыргызстандыктарды азырынча мекенге алып келүү мүмкүн эместигин, бирок аларга жардам берилерин айткан.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Россия-казак чек арасына жакын Оренбург облусунун Соль-Илецк шаарындагы кыргызстандыктардын абалы тууралуу Тышкы иштер министрлиги маалымат берди.

Ведомстводон билдиришкендей, Соль-Илецк шаарында Казакстан мамлекеттик чек арасынын ачылышын күтүп жаткан 67 автоунаа жана 110 кыргыз жарандары турат. Алар менен жолугушуу үчүн Кыргызстандын РФтеги элчилигинин алдындагы штабдын мүчөлөрү барган.

“Жолугушууда Казакстан мамлекеттик чек арасынын жабыктыгына байланыштуу чыгып кетүү мүмкүнчүлүгүнүн жоктугу дагы бир жолу белгиленди. Өз кезегинде КРнын жарандары тамак-аш, медициналык каражаттар менен камсыз кылууну өтүнүштү”, — деп айтылат билдирүүдө.

Киши аэропорттун күтүү залында отуруп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Новосибирск: аэропортто түнөгөн мигранттар Кыргызстанга азыр кайта албайт
Штабдын мүчөлөрү бардык суроо, кайрылууларга жооп беришти, алар негизинен РФтин аймагында туруу мөөнөтүн жана автоунаалардын транзиттик номерлеринин мөөнөттөрүн узартуу маселесине байланыштуу болду.

Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгында, бүгүнкү күнү Соль-Илецк шаарындагы кыргыз жарандарын тамак-аш, керектүү медициналык каражаттар менен камсыздоо маселеси чечилди.
Эске салсак, буга чейин тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев чет өлкөдөгү кыргызстандыктарды азырынча мекенге алып келүү мүмкүн эместигин, бирок аларга жардам берилерин айткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0