Ошто коменданттык сааттын эрежесин бир да адам бузган жок

© Фото / пресс-служба мэрии города ОшОш шаары. Архив
Ош шаары. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кармалгандар милиция бөлүмүнө жеткирилип, эреже, тартиптерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Кыргызстандын өзгөчө абал киргизилген аймактарында 13-апрелде кечинде жана 14-апрелге караган түнү коменданттык сааттын эрежесин 46 адам бузуп, 9 автоунаа айып короого киргизилди. Бул туурасында ИИМдин маалымат кызматы кабарлады.

Коменданттык сааттын эрежеси боюнча Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарлары, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондорунда кечки 8.00дөн эртең мененки саат 7.00гө чейин көчөдө жүрүүгө тыюу салынат.

Билдирүүгө ылайык, Бишкек шаары боюнча 40, Жалал-Абад шаарында алты факты катталды.

Ал эми Ош шаары, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда тартип бузгандар болгон эмес.

Ош шаары жана Ноокат, Кара-Суу райондору боюнча комендант Малик Нурдинов - Sputnik Кыргызстан
Шишкебек жебей үйдө отуруп туруңуз! Ош коменданты даттанууларга жооп берди
Кармалгандар ички иштер органдарынын аймактык бөлүмүнө жеткирилип, эреже, тартиптерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Коменданттык саат аяктаган соң үйлөрүнө коё берилген.

Жалпысынан Кыргызстанга өзгөчө абал киргизилгенден, тагыраагы, 25-марттан тарта коменданттык саат эрежесин бузган 2518 адам кармалган.

ИИМ жарандарды жоопкерчиликтүү болуп, коменданттык сааттын талаптарын так аткарууга чакырат.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0