Кыргызстанда дагы 11 киши коронавирус жуктурганы аныкталды

© AFP / SAJJAD HUSSAINCOVID-19 коронавирусуна анализ. Архив
COVID-19 коронавирусуна анализ. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ президент Сооронбай Жээнбековго Республикалык штаб тарабынан өзгөчө кырдаал жана өзгөчө абал режиминин мөөнөтүн узартуу боюнча сунуш киргизилген.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Кыргызстанда дагы 11 кишиден COVID-19 аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, жалпы бейтаптардын саны 430га жетти.

"Бишкекте сегиз кишиден, Чүй облусунда бир, Жалал-Абад облусунда эки адамдан коронавирус чыкты. Анын алтоо аял, бешөө эркек киши", — деди министрдин орун басары.

Ал эми акыркы маалымат боюнча жалпы статистика төмөнкүдөй:

  • Жалал-Абад облусунда — 93;
  • Ош облусунда — 128;
  • Ош шаарында — 59;
  • Чүй облусунда — 28;
  • Бишкек шаарында — 77;
  • Баткен облусунда — 5;
  • Нарын облусунда — 34;
  • Ысык-Көл облусунда — 6.

Булардын ичинен 230у аял, 200ү эркек киши.

Кыргызстанда ушу тапта абал кандай болуп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0