Министр Исаков дистанттык окууда балдар эмнеден аксап жатканын айтты

Жазылуу
Исаков учурда интернет байланышы начар аймактарда анын сапатын жакшыртуу боюнча мобилдик операторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айтты.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Билим берүү жана илим министри Каныбек Исаков шаардык, облустук жана райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн жетекчилери менен онлайн-жыйын өткөрдү. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, жыйында министр Кыргызстанда биринчи жолу башталган дистанттык билим берүүнүн ийгилик жана кемчиликтерине токтолду.

"Жалпылап алганда аралыктан билим берүү ийгиликтүү башталды. Бирок окуучулар менен кайтарым байланышты уюштурууда аймактарда мобилдик интернеттин ылдамдыгы начар болууда. Ошондой эле телевизору жок үй-бүлөлөр боюнча көйгөйлөр жаралды", — деди министр.

Исаков учурда интернет байланышы начар аймактарда анын сапатын жакшыртуу боюнча мобилдик операторлор менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын айткан. Ал эми телевизору жок үй-бүлөлөрдүн маселеси жергиликтүү бийликтин, демөөрчүлөрдүн жардамы менен чечилип жатканын кошумчалады.

COVID-19 коронавирусуна анализ. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда дагы 11 киши коронавирус жуктурганы аныкталды
Министр ата-энелерден үй тапшырмалардын көп болуп жаткандыгы боюнча суроолор түшүп жатканын да айткан.

"Биринчи жолу аралыктан билим берүү уюштурулуп жатканына карабай мугалимдерибиздин дарамети жакшы. Аны менен бирге телевизор, телефону жок үй-бүлөлөргө жардамга кол сунган жергиликтүү бийлик жана демөөрчүлөргө ыраазычылык билдирем", — деди министр.

Эске салсак, коронавирустан улам өлкөдө өзгөчө кырдаал режими жарыяланган. Ошондой эле Бишкек баш болгон бир катар шаар, райондордо өзгөчө абал режими киргизилген. Мындан улам өлкө боюнча мектеп окуучулары 8-апрелден тарта дистанттык түрдө окуп башташты.

Жаңылыктар түрмөгү
0