Коронавирустан бир суткада 4 киши айыгып, сакайгандар жалпы 71 болду

© Sputnik / Антон Подгайко / Медиабанкка өтүүМедициналык адиси дезинфекциялоо учурунда. Архив
Медициналык адиси дезинфекциялоо учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Төрт бейтап Ала-Бука аймактык ооруканасынан дарыланып чыгышты. Алардын кайрадан жасалган анализдери терс деп көрсөткөн.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Кыргызстанда өткөн суткада COVID-19 диагнозу тастыкталган төрт бейтап айыгып, стационардан чыгарылды. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, оорулуулар Жалал-Абад облусундагы Ала-Бука аймактык ооруканасынан дарыланып чыгышты. Алардын кайрадан жасалган анализдеринин жыйынтыгы COVID-19 жок экенин көрсөткөн.

Жалпы өлкө боюнча коронавирустан айыккандардын саны 71 болду.

Ал эми бүгүн дагы 11 киши вирус жуктуруп алганы аныкталды.

Жаңылыктар түрмөгү
0