Ашпозчу, айдоочулар бар. Боронов COVID-19 жуктурган медиктердин кызматын айтты

© Фото / пресс-служба правительства КРБиринчи вице-премьер Кубатбек Боронов
Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Азыркы тапта Кыргызстанда 79 медицина кызматкери коронавирус менен алышууда, үчөөнүн абалы оор экени айтылган.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов Жогорку Кеңештин комитеттеринин биргелешкен жыйынында коронавирус жуктурган медицина кызматкерлери тууралуу маалымат берди.

Анын айтымында, бейтаптардын арасында 26 дарыгер, 35 орто медициналык кызматкер (медайым, лаборанттын жардамчылары), 22 ашпозчу, айдоочулар жана техникалык кызматкерлер бар.

“16-марттан тарта вирус жуктурган адамдар менен иштөөгө даярдык көрүлгөн. Медиктерге 1,1 миллион бет кап, 13 674 бир жолку кийүүчү костюм, 700 хирургиялык халат, 15 миңден ашык чепчик, бахилалар берилген”, — деди Боронов.

Учурда 9 шаар, 26 райондо, 296 айылда коронавирус жуктургандар аныкталган.

Белгилей кетсек, азыркы тапта 79 медицина кызматкери оору менен алышууда, үчөөнүн абалы оор.

Коронавирустун кесепети

COVID-19 коронавирусуна анализ. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда дагы 11 киши коронавирус жуктурганы аныкталды
Кыргызстанда коронавирус аныкталган адамдардын саны 430га жетти. Анын ичинен 71 адам айыгып чыккан, тилекке каршы, бешөө каза болуп калды. Катталган учурлардын ичинен 230у аял, 200ү эркек.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0