УКМК дарыгерлерди мажбурлап кечирим суратып жатабы? Мекеменин жообу

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOУКМК кызматкерлери патрул учурда. Архив
УКМК кызматкерлери патрул учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин дарыгердин соцтармак аркылуу жеке коргонуу каражаттары жок экендигин айткан видеосу тараган. Көп өтпөй жалган маалымат тараттым деп кечирим сураган. 

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. УКМК чекисттер медицина кызматкерлерин күчкө салып эл алдында кечирим суратып жатат деген маалымат боюнча үн катты.

Билдирмеге ылайык, дүйнө жүзүндө тарап жаткан коронавирустун фонунда айрымдар такталбаган маалыматтарды таратуу менен өздөрүнө "арзан пиар" кылуу аракетин көрүүдө. Ошондой эле COVID-19га каршы иштеп жаткан бардык мекемелердин ишин жаман көрсөтүү менен упай топтоп жатышат.

"Белгилей кетсек, ыкчам тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө жалган маалыматтарды жарыялап тараткандар аныкталган. Алардын арасында медицина кызматкерлери да бар. Аларга түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөндөн кийин бардыгы кое берилген", — деп айтылат маалыматта.

Аталган фактылар боюнча материалдар юридикалык баа берүү үчүн тиешелүү органдарга жөнөтүлгөн.

"УКМК Ысык-Ата райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгери Бектур Апышевдин катышуусу менен кандайдыр бир иш-чара өткөзүлбөгөндүгүн жана анын катышуусу менен таратылган видеого эч кандай тиешеси жок экендигин билдирет", — деп айтылат маалыматта.

Мекеме жарандарды маалыматтарды расмий гана булактардан алууга жана кандайдыр бир билдирүү таратканда так болууга чакырды.

Дарыгердин окуясы

Арест подозреваемого в преступлении в КР - Sputnik Кыргызстан
Кара-Сууда улут аралык кастыкты козутууга шектелген жаран кармалды
Буга чейин өзүн Ысык-Ата райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун дарыгеримин деген Бектур Апышев социалдык тармактар аркылуу жеке коргонуу каражаттары жок экендигин айтып, ага берилген жыртык масканы көрсөткөн.

Көп өтпөй Абышев жетекчиликке чакыртылганын билдирген. Андан кийин аккаунту өчүрүлүп, бир аздан соң дарыгер жалган маалымат таратканын айтып, кечирим сураган видеосу жарыяланган.

Интернет колдонуучулар ак халатчандарга тилектештигин көрсөтүү үчүн флешмоб башташкан.
Өз кезегинде саламаттык сактоо министри дарыгерлерди мажбурлап кечирим суратып, видеолорун интернетке жүктөө туура эмес экендигин айткан.

Коронавирустун кесепети

Биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов - Sputnik Кыргызстан
Ашпозчу, айдоочулар бар. Боронов COVID-19 жуктурган медиктердин кызматын айтты
Кыргызстанда коронавирус аныкталган адамдардын саны 430га жетти. Анын ичинен 71 адам айыгып чыккан, тилекке каршы, бешөө каза болуп калды. Ошону менен бирге 79 медицина кызматкери оору менен алышууда, үчөөнүн абалы оор. Катталган учурлардын ичинен 230у аял, 200ү эркек.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0