100 эсе арзан! Кыргызстандык жигит жасалма дем алдырчу аппараттын аналогун жасады

© Фото / предоставлено Санжаром ЖумабековымКыргызстандын инженер Санжар Жумабеков
Кыргызстандын инженер Санжар Жумабеков  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурда Санжар Жумабеков Кыргызстанда адамга түспөлдөштүрө алгачкы роботту кураган. Эми 24 жаштагы жигит реаниматологдор менен биргеликте жасалма дем алдыруу түзүлүшүн жаратуу менен алек.

Коронавирус пандемиясынын тушунда жасалма дем алдыруу аппараты жетиштүүбү деген маселе бүт өлкөнү ойго сала баштады. Себеби ошол эле Италияда бул жабдыктын жетишсиздигинен адамдар каза болуп жатпайбы... Жаш инженер Санжар Жумабеков кырдаалга бөлөкчө карап, арзан аналогун ойлоп чыгууга эмнеге болбосун деп ой толгогон.

— Сиз ойлоп тапкан жасалма дем алдыруу аппараты туурасында кенен сүйлөшсөк. Кандайча ойго келди?

— Коронавирус пандемиясы өлкөлөрдүн дээрлик бардыгын чулгады, жасалма дем алдыруу аппараты Италия, Испания, АКШда жетишсиз болуп жатат. Көптөгөн өлкөлөр аларды сыртка сатууга дароо тыюу салышты. Менин билишимче, Кыргызстанда болгону 550нүн тегерегинде гана жасалма дем алдыруучу аппарат бар. Кырдаал курчуп кетсе, алар жетпей калышы ыктымал. Биз андайга даяр болгубуз келет.

Негизи өпкөнү жасалма дем алдыруу аппаратынын наркы 2 миллион рублдин тегерегинде, биздин аналог андан алда канча арзан. Өздүк баасы эң кымбат дегенде 20 миң сомго айланат. Эгер командабызды көбөйтө алсак, күнүнө 10 даана курашыбыз мүмкүн!

© Фото / предоставлено Санжаром ЖумабековымСанжар Жумабеков: Негизи өпкөнү жасалма дем алдыруу аппаратынын наркы 2 миллион рублдин тегерегинде, биздин аналог андан алда канча арзан. Өздүк баасы эң кымбат дегенде 20 миң сомго айланат. Эгер командабызды көбөйтө алсак, күнүнө 10 даана курашыбыз мүмкүн!
100 эсе арзан! Кыргызстандык жигит жасалма дем алдырчу аппараттын аналогун жасады - Sputnik Кыргызстан
Санжар Жумабеков: Негизи өпкөнү жасалма дем алдыруу аппаратынын наркы 2 миллион рублдин тегерегинде, биздин аналог андан алда канча арзан. Өздүк баасы эң кымбат дегенде 20 миң сомго айланат. Эгер командабызды көбөйтө алсак, күнүнө 10 даана курашыбыз мүмкүн!

— Бул жөнөкөй түзүлүш эмес да, өпкөнү жасалма дем алдыруу аппаратынан адам өмүрү көз каранды. Аппарат ынанымдуу, коопсуз болушу шарт...

— Кебиңиздин төркүнүн түшүндүм. Биз реаниматологдор менен кеңешип турабыз. Атүгүл өпкөнү жасалма дем алдыруу аппараты боюнча пикир да бир дарыгер менен баарлашкандан кийин ойго келген. Ал ооруканада бир жолу жарык өчүп, анын айынан медиктер үч саат бою Амбу кабы аркылуу абаны (өпкөнү убактылуу жасалма дем алдыруучу механикалык түзүлүш — ред.) кол менен толтурушканын айтып калды. Абаны кол менен толтуруу аябай оор, доктурлардын алы келбей калат, ошентип бул процессти автоматташтырууну чечтик.

Ситуация в Франции в связи с пандемией коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Коронавируска кабылган адамдар кантип үзүлөт. Ноокаттагы дарыгер менен маек
Биздин аппарат адамдын жүзүнө тагылган бет кап жана аба толтурулган кабы бар Амбу жабдыгынын негизинде жасалат. Бир үлгүсү эбак даяр, ал жамандыр-жакшыдыр иштейт, бирок биз реаниматологдор менен кеңешүүнү улантып жатабыз. Мисалы, салмактуу адамга аба көбүрөөк талап кылынат, ал эми арыкчырай кишиге азыраак керек. Түзүлүштү абанын басымын өзгөртө алчудай жөнгө салууга тийишпиз. Азыр ушундай учурларын караштырып жатабыз.

— Өзүңүз туурасында да сүйлөшсөк кантет?

— Бишкектеги кадыресе үй-бүлөдө туулгам. Атам балдар хирургу болуп иштеген, апам "Дордой" базарында соода кылчу. Роботторго кызыгуум бала кезимде эле пайда болгон, анда биз кичинекей кол желдеткичтердин тетиктеринен оюнчук машиналарды курачубуз. Алар саратанда абдан ыңгайлуу болчу.

Робот техникасы менен алектенүү үчүн мектепте алгебра, геометрия жана физиканы жакшы окуу зарыл. Бул боюнча көйгөйүм деле жок эле, 2013-жылы политехтин энергетика факультетине тапшырдым.

© Фото / предоставлено Санжаром ЖумабековымЖумабеков: Роботторго кызыгуум бала кезимде эле пайда болгон, анда биз кичинекей кол желдеткичтердин тетиктеринен оюнчук машиналарды курачубуз. Алар саратанда абдан ыңгайлуу болчу.
100 эсе арзан! Кыргызстандык жигит жасалма дем алдырчу аппараттын аналогун жасады - Sputnik Кыргызстан
Жумабеков: Роботторго кызыгуум бала кезимде эле пайда болгон, анда биз кичинекей кол желдеткичтердин тетиктеринен оюнчук машиналарды курачубуз. Алар саратанда абдан ыңгайлуу болчу.

— Эмнеге робототехника эмес, энергетика багытын тандаган элеңиз?

— Роботторду өздөштүрө баштасам, иш таппай калчудай туюлган, ал эми энергетика Кыргызстанда абдан өнүккөн.

Гидроэлектр станциясында иштегим келген, бирок практикага барганымда ал багыт мага туура келбей турганын түшүндүм. Мамлекеттик башка бардык структуралардагыдай эле ал жакта бюрократия күч. Андан тышкары, бул эки адистиктин теориялык негизи бир.

— Кийин билимиңизди Москвада уланткан турбайсызбы, жергиликтүү окуу жайдан ал жактагы билим алуу кандай айырмаланат?

— Ооба, үчүнчү курста Москва энергетикалык институтуна которулгам. Ал жакта окутуучулар абдан катаал, бир суроого жооп бере албай калсаң, кайра тапшырууга аргасыз болосуң. Бир экзаменге эле 2-3 жолу кирчүбүз, айрым студенттер 15 ирет тапшырышчу! Эптештире албагандар окуудан чыгарылчу.

— Эмнеге Кыргызстанга кайтууну чечтиңиз? Россияда энергетиктерге абдан жакшы төлөшөт го?

— Туура айтасыз, айрыкча мунай компанияларында маяна жогору. Россияда энергетиктердин айлыгы 100 миң доллардын тегерегинде, бирок мен балдарга робот техникасы курстары менен алектенүү үчүн баары бир үйгө кайттым. Өз билгенимден бөлүшкүм келген.

© Фото / Санжар Жумабеков Жаш инженер Жумабеков: үчүнчү курста Москва энергетикалык институтуна которулгам. Ал жакта окутуучулар абдан катаал, бир суроого жооп бере албай калсаң, кайра тапшырууга аргасыз болосуң. Бир экзаменге эле 2-3 жолу кирчүбүз, айрым студенттер 15 ирет тапшырышчу! Эптештире албагандар окуудан чыгарылчу.
100 эсе арзан! Кыргызстандык жигит жасалма дем алдырчу аппараттын аналогун жасады - Sputnik Кыргызстан
Жаш инженер Жумабеков: үчүнчү курста Москва энергетикалык институтуна которулгам. Ал жакта окутуучулар абдан катаал, бир суроого жооп бере албай калсаң, кайра тапшырууга аргасыз болосуң. Бир экзаменге эле 2-3 жолу кирчүбүз, айрым студенттер 15 ирет тапшырышчу! Эптештире албагандар окуудан чыгарылчу.

— Курстарыңызга дароо окуучулар агыла баштадыбы?

— Жок, ата-энелердин көбү эмнеге керектигин дегеле түшүнгөн эмес. "Мындан көрө балдарга муздаткыч оңдоону үйрөтсөңөрчү" дешкен. Бирок биз өжөрлөнө робот техникасы өнүгүү үчүн пайдалуу экенин узакка түшүндүрчүбүз. Кийинчерээк ата-энелер да муну түшүнүштү.

Ситуация в Пекине в связи с эпидемией коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Туңгуюкка түшкөндөймүн... Коронавирус РФтеги мекендештердин турмушун кандай өзгөрттү
Бир бала ойлоп тапкан түзүлүштү ата-энеси сата да баштаган, ошентип ал курсту гана аяктабастан, киреше да тапкан. Так эмне жасаганы эсимде жок, бирок курста ал "акылдуу үй" системасын үйрөнгөн. Мисалы, алакан чабуу менен жарыкты жандырып-өчүрүп, терезе пардаларды жабылгыдай кылууга болот.

Ушул тапта биздин мектеп Бишкекте гана эмес, франшизасы менен анын филиалын Ошто да ачтык.

— Бир жарым жыл мурун маалымат каражаттарынын баары өлкөдөгү биринчи роботту жасаганыңыз туурасында жазып чыгышкан.

— Москвада билим алып, аны менен катар Бишкекте курстун ишин да алып баруум керек болчу. Ошондо өзүмдү иште алмаштырчу роботту ойлоп тапкам. Майда-чүйдө тетиктерине буюртма бердик, 3D-принтерден жүзүн бастык. Үч ай аралыгында аны эл алдына чыгарчу деңгээлге жеткирдик, бирок тилекке каршы, аягына чыгара албадык.

Азыр роботторго 2 миллион сом сарпталган, ал суроолорго жооп кайтарып жана маңдайында киши турганын биле алат. Биз аны үй жыйнап, тамак жасоого үйрөткүбүз келет, бирок бул чоң чыгымды талап кылат. Ошентсе да аягына чыгарганыбызда сатыкка коебуз.

— Дүйнөдө учурдагы абалдан корккон жоксузбу?

— Албетте, кооптуу! Коронавируска каршы күрөшкө аттанар алдындагы врачтардын жүзүн көргөндө жаман болом. Алар согушка бараткандай туюлат, анткени өздөрү да жуктуруп алышы ыктымал. Мындай кыйын кезде биз бирдиктүү болуп, колубуздан келишинче бири-бирибизге көмөктөшөлү, үйдөн бейчеки чыкпайлы.

Жаңылыктар түрмөгү
0