Депутат: кыргыз элин мазактагандардын видеосун тараткандарды да жазалайлы

© Фото / пресс-служба ЖКДепутат ЖК Закир Шарапов
Депутат ЖК Закир Шарапов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлү мындай учурлар кыргыз элин башка мамлекеттерге терс жагынан көрсөтүп жатат деп эсептейт.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Закирбек Шарапов кыргыз элине акарат кылган адамдардын видеосун социалдык тармактан жайылткандарга да чара көрүүнү сунуштады.

Эл өкүлү мындай учурлар кыргыз элин башка мамлекеттерге терс жагынан көрсөтүп жатат деп эсептейт. Андан көрө ал адамдын видеосун коомчулукка жарыялабай эле жоопкерчиликке тартуу керектигин айтат.

"Өткөндө Бишкектен бир жигит чыгып элибизге, бийлигибизге, баарыбызга акарат келтирди. Андан кийин Оштон бир келин, кечээ жакында Баткенден бирөө чыкты. Башкаларга өзүбүздүн жамандыгыбызды көрсөтүп уят болбой, жеринде эле чара көрүп коюңуздарчы. Бул жерде биздин жарандар күнөөлүү дегенден алыспыз. Ошон үчүн ал видеону соцтармактарга жүктөгөн жарандарга да эскертүү берип, жоопкерчилигин да карап койсоңуздар", — деди Шарапов.

Ошондой эле ал азыркы учурда жаманды жашырып, жакшыны ашырып илдет менен күрөшүү керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0