COVID-19: Кыргызстанга Кытайдан 15 дарыгер келе турган болду

© STRINGERМедицинские работники в защитных костюмах осматривают оборудование в комнате для сдачи крови в больнице Жэньминь
Медицинские работники в защитных костюмах осматривают оборудование в комнате для сдачи крови в больнице Жэньминь - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мындан 20 күн мурун Кыргызстан коронавирус менен күрөшүү үчүн кытайлык дарыгерлерден жардам сураган.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Кыргызстанга коронавирус менен күрөшүүгө жардам берүү үчүн Кытайдан 15 дарыгер келе турган болду. Бул туурасында вице-премьер Аида Исмаилова ЖК комитеттеринин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, кытай тарап кыргыз өкмөтүнүн өтүнүчүн кабыл алган.

“Кечээ Кытайдын элчиси менен сүйлөштүк, ал жактан уруксат берилиптир, жакын арада келишет. Учурда Тышкы иштер министрлигинин деңгээлинде сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Так датасы бүгүн-эртең билинет”, — деди Исмаилова.

Белгилей кетсек, мындан 20 күн мурун Кыргызстан коронавирус менен күрөшүү үчүн кытайлык дарыгерлерден жардам сураган.

Коронавирустун кесепети

Отправка бригады специалистов-медиков на юг для помощи в борьбе с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Түштүктөгү дарыгерлерге жардам берүү үчүн дагы бир бригада жөнөп кетти
Кыргызстанда коронавирус аныкталган адамдардын саны 430га (230 аял, 200 эркек) жетти. Анын ичинен 71 адам айыгып чыккан, тилекке каршы, бешөө каза болуп калды. Ошондой эле 79 медицина кызматкери оору менен алышууда, үчөөнүн абалы оор.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат жана Ат-Башы райондоруна 30-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0