Врач жана медсестра. Архивдик сүрөт

Дааваттан келгендер медиктерди абдан кыйнады. Жумгалдагы дарыгердин маеги

8001
(жаңыланган 00:06 15.04.2020)
Учурда Жумгал райондук ооруканасында дарыланып жаткандардын абалы туруктуу. Алгачкы бейтаптардын акыркы анализи таза чыкса, жакында үй карантинге чыгарылат.

Жумгалда 8-апрелде Индиядан дааваттан келгендерден COVID-19 инфекциясы аныкталган. Бүгүнкү күндө бейтаптардын саны тогузга жетти. Арасында үч медицина кызматкери бар.

Жумгал райондук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунун башчысы Айнур Тентиевадан Sputnik Кыргызстан маалымат агенттигинин кабарчысы коронавирус жуктурган бейтаптардын учурдагы абалы жана аймактык оорукананын шарты, медиктердин даярдыгы тууралуу кабар алган. 

Руководитель Центра семейной медицины в Жумгальском районе Айнур Тентиева в кабинете
© Фото / предоставлено Айнур Тентиевой
Руководитель Центра семейной медицины в Жумгальском районе Айнур Тентиева

— Жумгал району боюнча COVID-19 жуктургандардын жалпы абалы кандай?

— Негизинен учурда 9 адам коронавирус жуктуруп ооруканада жатат. Алардын ичинен үчөө медицина кызматкери. Бардыгынын абалы канааттандырарлык. Булардын эч кимисинен вирустун клиникалык белгилери байкалып, дене табы көтөрүлгөн жок. Жеңил өтүүдө. Ушуга шүгүр кылып жатабыз.

— Сиздерге бул вирус кандайча барып калды? Алгачкы бейтаптарды кантип кабыл алдыңыздар?

— Жумгалдан эки адам Индияга дааватка барышкан экен. Ошол жактан жуктуруп келишиптир. Алгач Бишкектен анализ алганда коронавирус "жок" деп чыгыптыр. Анан ал жактан бизге жиберип, биз обсервацияга жаткырганбыз. Кийин министрликтин "чет мамлекеттен келген жарандардын баарынан ПЦР-тест алгыла" деген тапшырмасы менен анализ алганыбызда гана дааваттан келгендерден COVID-19 инфекциясы табылды. Бишкектен дароо ПЦР жасалганда бул жактагы дарыгерлерге да жукпай калат беле...

— Медиктер жугузуп алганына караганда даярдык начар беле?

— Негизи анализдердин кеч чыккандыгы аябай терс таасирин тийгизип калды. Бейтаптар обсервацияда жатканда "биз тазабыз, кетебиз" деп гигиенаны сактабай, берген дарыларды ичпей, баян айтып, баш ийбей медиктердин айласын кетириптир. Бизде сактануу каражаттары, атайын кийимдерибиз бар, даярдыгыбыз жакшы эле болчу.

— Азыр бейтаптар кандай шартта кармалууда?

— Бүгүнкү күндө аймактык ооруканага которгонбуз. COVID-19 инфекциясын жуктуруп алган 9 бейтапка толугу менен ылайыктуу шарт түзүлдү. Атайын бокс-палаталарга киргизилди. Эки медайым күнү-түнү көзөмөлдөп жатат.

— Учурда обсервацияда канча киши бар?

— Обсервацияда сырттан келген үч киши жатат. Бирок алардын анализи таза чыккан. Ошентсе да 14 күн кармап байкайбыз. Андан кийин анализин алып, таза болсо чыгарабыз.

— Баштапкы бейтаптар айыгып чыга турганбы?

— Индиядан келген алгачкы эки бейтаптын инкубациялык мезгили бүттү. Андан кийинки дарылануу жумасы аяктап бара жатат. Эч кандай клиникалык белгилери жок. Ушул белгиленген мөөнөт аяктаса, эки жолу ПЦР тапшыртабыз. Анализдери таза чыкса, үйлөрүнө 14 күнгө карантинге чыгарабыз.

— Медициналык коргоочу каражаттар жетиштүүбү?

— Баштагыга караганда толук камсыз болуп калдык. Бирок көп медициналык каражат бир жолу колдонулгандыктан улам толукташ керек болуп жатат. Негизи бир аз убакытка чейин коргонуучу каражаттарыбыз жетет. Ага чейин толуктап коюшубуз зарыл. Азыр бизге бир жолу колдонула турган халаттар, комбинезондор, көз айнектер, респираторлор керек. Мурда спирт менен респираторду тазалоого мүмкүн болчу. Азыр атайын каражаттарды гана колдонуу керектиги айтылууда.

8001
Белгилер:
коронавирус, каражат, обсервация, бейтап, Жумгал району
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (905)
Тема боюнча
Коронавирус жуктургандын баары эле жатып калбайт. Вирусологдун маеги
Карантин маалында үй-бүлөлүк көйгөйлөр көбөйүп жатат. Психолог менен маек
Зомбулук көрсөткөн адам. Архивдик сүрөт

Жакындарына зомбулук көрсөткөн адамдын жазасы катуулайт. Өзгөргөн мыйзам

18
(жаңыланган 11:55 05.06.2020)
Аталган мыйзам үй-бүлөлүк зомбулук фактыларын болтурбоо максатында Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 30-апрелинде кабыл алынган.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков "КР Жазык-процесстик кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө" мыйзамга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, аталган мыйзам үй-бүлөлүк зомбулук фактыларын болтурбоо максатында Жогорку Кеңеш тарабынан ушул жылдын 30-апрелинде кабыл алынган.

Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөргө ылайык, Жазык-процесстик кодексинин 504-беренеси толукталып, 1-3-бөлүгү боюнча үй-бүлөлүк зомбулук жасады деп шектелген адам төмөнкүдөй негиздер болгондо кармалышы мүмкүн:

  • Эгерде шектүү адам жабырлануучу жана башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч жаратса;
  • Эгерде шектүү мас абалында болуп, жабырлануучу жана башка үй-бүлө мүчөлөрүнө коркунуч келтирип жатса;
  • Эгерде шектүү адам жабырлануучуну жана башка үй-бүлө мүчөлөрүн кордоону, аларга коркунуч келтирүүнү, уруп-сабоону, шылдыӊдоону, басмырлоону улантат деп болжогонго мүмкүндүк берүүчү негиздер бар болсо.
"Аталган өзгөртүүлөр менен жабырлануучу жана башка үй-бүлө мүчөлөрүнүн коопсуздугун камсыздоо максатында зомбулук жасоого шектүү адамды 48 саатка чейин кармоо чарасы каралган", — деп айтылат маалыматта.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирери кошумчаланды.

18
Белгилер:
зомбулук, үй-бүлө, өзгөртүүлөр, мыйзам, президент, Кыргызстан
Тема боюнча
КРге донорлор үй-бүлөлүк зомбулук менен күрөшүү үчүн 200 миң доллар бөлдү
Мурдагы жигитиңди эстебейм деген. Күйөөсүнүн кордугунан чарчаган келиндин каты
Саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев

COVID-19ду кимдер массалык түрдө жайылтып жибериши мүмкүн. Үсөнбаевдин жообу

132
(жаңыланган 11:29 05.06.2020)
Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлү коронавируска чалдыгып, бирок анын белгилери билинбей же жеңил формада өтүп жаткандарды обочолонтуунун зарылчыгын айтып берди.

БИШКЕК, 5-июн. — Sputnik. Коронавирустун симптому жоктор жана аны жеңил көтөргөндөр башкалар сыяктуу ооруканага жатып, бир нече ирет анализ тапшырып чыгышат. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

"Коронавируска чалдыккандардын көбүндө анын белгилери жок болот. Арасында жеңил формада ооругандар бар. Айрымдар эмнеге аларды ооруканага кармап, обочолонтуу керек деп айтышы мүмкүн. Бейтаптардын бул тобу элге коркунуч жаратат. Алар оорунун булагы болуп саналып, вирусту массалык түрдө жайылтып жибериши ыктымал. Биз симптому жокторду да стационарга жаткырып, бир нече ирет анализ алып, анан чыгарабыз. Андан кийин эки жума үй карантининде болушат", — деди Үсөнбаев.

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны 1936га жетти. Анын ичинен 1340 адам айыгып, 22си каза болду.

132
Белгилер:
анализ, коронавирус, Нурболот Үсөнбаев, КР Саламаттык сактоо министрлиги
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Өлкөнүн үч аймагындагы алты медиктен коронавирус табылды
Кызынан жуккан. Министрлик COVID-19дан көз жумган аялдар боюнча маалымат берди