Шаршембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековӨсүмдүктөгү жаандын тамчылары. Архив
Өсүмдүктөгү жаандын тамчылары. Архив  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым аймактарда 15-20 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. 15-апрель, шаршемби күнү, көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Кээ бир өрөөндөрдө жаан-чачын катуу жаап, туман түшүшү мүмкүн. Тоолуу аймактарда жолдор тайгак болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.

Жамгыр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сел жүрүшү мүмкүн! ӨКМ шашылыш билдирүү таратты
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден айрым жерлерде 15-20 метрге чейин жетет.

Абанын температурасы Чүй менен Нарын жергелеринде +6…+11, Талас өрөөнүндө +5…+10, Ысык-Көлдө +7…+12 жана Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +9…+14 градус жылуу болору айтылды.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күндүн табы баш калаада +8…+10 градуска дейре көтөрүлсө, Ошто бул көрсөткүч +12…+14 градуска чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0