Телевизор. Архив

ЖРТга даярдаган сабактар теледен көрсөтүлө баштады. Убактысы

190
(жаңыланган 17:33 14.04.2020)
Атайын видеосабактар дүйшөмбүдөн ишембиге чейин бир күндө эки маал эфирге коюлуп жатат. Ал "Билимди баалоо жана окутуу усулдары" борбору тарабынан даярдалган.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Жалпы республикалык тестирлөөгө даярдануу сабактары ЭлТРдин "Билим жана Илим" каналынан эфирге бериле баштады. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, видеосабактар "Билимди баалоо жана окутуу усулдары" борбору тарабынан даярдалган.

"Атайын видеосабактар дүйшөмбүдөн ишембиге чейин бир күндө эки ирет эфирге коюлуп жатат. Аны бүтүрүүчүлөр эртең мененки саат 8:05тен 8:45ке чейин жана 17:55тен 18:40га чейин көрө алышат", — деп айтылат маалыматта.

Ушул эле видеосабактар "Билимди баалоо жана окутуу усулдары" борборунун сайтына да жайгаштырылган.

Эске салсак, өлкөдө коронавируска байланыштуу кырдаалдан улам ЖРТны өткөрүү мөөнөтү жылдырылган.

190
Белгилер:
окуу, даярдык, ЖРТ, Кыргызстан
Тема боюнча
Министр Исаков дистанттык окууда балдар эмнеден аксап жатканын айтты
Дистанттык билим берүү: окуучулар бир жумада канча күн окушу керек
Кыргызстандын жаранынын паспорту. Архив

Райым Матраимов фамилиясын өзгөртүп алган. Мамкаттоо чоо-жайын айтты

507
(жаңыланган 14:26 20.10.2020)
Буга чейин социалдык тармактарда Матраимов фамилиясын өзгөртүп алды делген паспорттун сүрөттөрү жарыяланган.

Маалымат толукталууда

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Райым Матраимов фамилиясын алмаштыруу үчүн Ош шаарындагы Жарандык актылардын абалын каттоо бөлүмүнө жеке өзү кайрылган. Бул туурасында Мамлекеттик каттоо кызматы расмий түрдө билдирди.

Фото паспорта, в котором Райым Матраимов якобы поменял фамилию
фото распространяемое в мессенджерах
Райым Матраимов фамилиясын алмаштыруу үчүн Ош шаарындагы Жарандык актылардын абалын каттоо бөлүмүнө жеке өзү кайрылган
“Матраимов Р. Ы. аттуу жаран аты-жөнүн өзгөртүүнү сурап кайрылган. Фамилиясын алмаштыруу процедурасы КР мыйзамдарынын алкагында жүргүзүлгөн. Ал аты-жөнүн өзгөртүү тууралуу күбөлүктү алгандан кийин еID паспортун алмаштыруу үчүн Ош шаарындагы Калкты тейлөө борборуна кайрылган. Бирок аталган жаранга документ берүүгө тыюу салуу боюнча чечим бар болгондуктан, ага берүүдөн баш тартышкан”, — деп айтылат маалыматта.

Мамкаттоо укук коргоо органдары тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын алкагында Ош шаарындагы Калкты тейлөө борборлорунан жогоруда аталган паспорт алынганын белгилейт.

507
Белгилер:
фамилия, паспорт, Райымбек Матраимов
Тема:
Райым Матраимовдун кармалышы
Тема боюнча
Райым Матраимовдун кармалышы. Белгилүү болгон маалыматтар
Райым Матраимов кармалды

Бишкек мэри Азиз Суракматовдун маалымат жыйыны. Видео

57
(жаңыланган 14:35 20.10.2020)
Суракматов борбор калааны жетектөөгө мындан эки жыл мурун, 2018-жылы, киришип Албек Ибраимовдун ордуна келген.

Бишкек мэри болуп эки жылдан бери иштеп келе жаткан Азиз Суракматовдун кызматтан кете турганы тууралуу маалымат бүгүн тарады. 

Мэрия шаар башчысы маалымат жыйын өткөрө турганын кабарлаган. 

Sputnik жыйынды түз алып берүүдө

57
Белгилер:
отставка, кызмат, мэр, Бишкек мэриясы, Азиз Суракматов
Тема боюнча
Бишкек мэри Суракматовдун иштен кетери айтылды
Первый вице-мэра Бишкека Нариман Тюлеев во время пресс-конференции

Нариман Түлеев Бишкек мэриясын жетектемей болду

0
Нариман Түлеев 2008-2010-жылдары борбор калаанын мэри болуп иштеген. Бүгүн эртең менен ал биринчи вице-мэр болуп дайындалды.

БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Нариман Түлеев Бишкек мээринин милдетин аткармай болду.

Эске салсак, бүгүн, 20-октябрда, Түлеев биринчи вице-мэр болуп дайындалган. Кийинчерээк Суракматов мэрлик кызматтан кетип жатканын билдирген. Буга байланыштуу мэрдин милдетин Түлеев аткармай болду.

Белгилей кетсек, мэрди шаардык кеңеш шайлайт. Талапкерлерди фракциялар менен көпчүлүк коалиция, ошондой эле премьер-министр сунуштай алат.

Түлеевдин иши

Мурдагы мэр жана ЖКнын экс-депутатына 2012-жылы коррупция боюнча кине тагылган. Кылмыш иши Кытайдан автобустарды сатып алууда, ошондой эле 200 миллион сомдук муниципалдык облигация чыгарууда мыйзамсыз аракеттерден улам козголгон. 2013-жылы Ленин райондук соту мүлкүн конфискациялоо менен Түлеевди 11 жылга эркинен ажыраткан. 2014-жылдын декабрында Бишкек шаардык соту ал өкүмдү күчүндө калтырып, ал эми туура бир жылдан соң Жогорку соттун коллегиясы да ушундай эле өкүм чыгарган. Нариман Түлеев мамлекеттик казынага 60 миллион сом кайтарып берип, 2016-жылдын май айында эркиндикке чыккан.

0
Белгилер:
Бишкек, мэр, Нариман Түлеев
Тема боюнча
Бишкек мэри Азиз Суракматовдун маалымат жыйыны. Видео
Азиз Суракматов мэрлик кызматтан эмнеге кеткенин түшүндүрдү