Шашылыш билдирүүлөр эми түстүү коддор менен көрсөтүлө баштайт

© Фото / Пресс-служба МЧС КРШашылыш билдирүүлөр эми түстүү коддор менен көрсөтүлө баштайт
Шашылыш билдирүүлөр эми түстүү коддор менен көрсөтүлө баштайт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул ыкманын артыкчылыгы — кайсыл гана мамлекеттин жараны болбосун шашылыш билдирүүнүн түсүнө жараша анын кооптуу же кооптуу эмес экендигин биле алат. Эгерде кооптуу болсо, кайсыл аймактарда кандай коркунуч бар экендигинен кабардар болот.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Өлкөдө шашылыш билдирүүлөр түстүү коддор менен көрсөтүлө баштайт. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

© Фото / Пресс-служба МЧС КРЦветные иллюстрации помогут кыргызстанцам определить степень серьезности ситуации в прогнозах синоптиков.
Биринчи сервис абанын температурасын, нымдуулугун, шамалдын багытын жана ылдамдыгын көрсөтөт - Sputnik Кыргызстан
1/4
Биринчи сервис абанын температурасын, нымдуулугун, шамалдын багытын жана ылдамдыгын көрсөтөт
© Фото / Пресс-служба МЧС КРЦветные иллюстрации помогут кыргызстанцам определить степень серьезности ситуации в прогнозах синоптиков.
Экинчиде жарандар, атургай чет жактагылар да аба ырайынын беш күндүк божомолун биле алышат - Sputnik Кыргызстан
2/4
Экинчиде жарандар, атургай чет жактагылар да аба ырайынын беш күндүк божомолун биле алышат
© Фото / Пресс-служба МЧС КРЦветные иллюстрации помогут кыргызстанцам определить степень серьезности ситуации в прогнозах синоптиков.
Үчүнчүсүндө сайттагы картадан кар көчкү коркунучу бар аймактар белгиленип турат - Sputnik Кыргызстан
3/4
Үчүнчүсүндө сайттагы картадан кар көчкү коркунучу бар аймактар белгиленип турат
© Фото / Пресс-служба МЧС КРЦветные иллюстрации помогут кыргызстанцам определить степень серьезности ситуации в прогнозах синоптиков.
Төртүнчүсү, шашылыш билдирүү болуп калса, ал түстүү коддор менен кабарланып турат - Sputnik Кыргызстан
4/4
Төртүнчүсү, шашылыш билдирүү болуп калса, ал түстүү коддор менен кабарланып турат
1/4
Биринчи сервис абанын температурасын, нымдуулугун, шамалдын багытын жана ылдамдыгын көрсөтөт
2/4
Экинчиде жарандар, атургай чет жактагылар да аба ырайынын беш күндүк божомолун биле алышат
3/4
Үчүнчүсүндө сайттагы картадан кар көчкү коркунучу бар аймактар белгиленип турат
4/4
Төртүнчүсү, шашылыш билдирүү болуп калса, ал түстүү коддор менен кабарланып турат

Ага ылайык, гидрометеорология боюнча агенттигинин базасында аба ырайын болжолдоо боюнча төрт сервис иштелип чыкты.

"Биринчи сервис абанын температурасын, нымдуулугун, шамалдын багытын жана ылдамдыгын көрсөтөт. Аны meteo.kg сайтынан табууга болот. Маалыматтар ар бир саат сайын жаңыланып турат. Экинчиде жарандар, атургай чет жактагылар да аба ырайынын беш күндүк божомолун биле алышат. Үчүнчүсүндө сайттагы картадан кар көчкү коркунучу бар аймактар белгиленип турат. Төртүнчүсү, шашылыш билдирүү болуп калса, ал түстүү коддор менен кабарланып турат", — деп айтылат маалыматта.

Бул ыкманын артыкчылыгы — кайсы гана мамлекеттин жараны болбосун шашылыш билдирүүнүн түсүнө жараша анын кооптуулугунун деңгээлин биле алат. Мындан сырткары, кайсы аймактарда кандай коркунуч бар экендиги белгилүү болот.

Шашылыш билдирүүлөргө түстүү коддорду колдонуу ушул айдан тарта иштей баштаары айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0