Эпидемиолог: коронавирус төрт метр аралыктан дагы жугушу мүмкүн

© Sputnik / Доминик Бутен / Медиабанкка өтүүАзык-түлүк дүкөндүн жанында турган кишилер очередте туруп жатышат. Архив
Азык-түлүк дүкөндүн жанында турган кишилер очередте туруп жатышат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дарыгердин божомолунда вирус абада жарым сааттан үч саатка чейин, буюмдун үстүндө бир нече күнгө чейин сакталышы ыктымал.

БИШКЕК, 14-апр. — Sputnik. Коронавирус бир адамдан экинчи адамга төрт метр аралыктан жугушу ыктымал. Бул тууралуу Россиянын саламаттык сактоо министрлигинин эпидемиологу Николай Брико "Россия 24" телеканалынын эфиринде айтканын РИА Новости жазды.

РФ президенти Владимир Путин - Sputnik Кыргызстан
Путин: вакцина жана дары-дармек боюнча жакшы иштер жасалууда
Дарыгердин маалыматына караганда, муну АКШнын Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борборунун жаңы изилдөөсү тастыктады.

"Вирус абада жарым сааттан үч саатка чейин, буюмдун үстүндө бир нече күнгө чейин сакталышы ыктымал", — деди эпидемиолог.

Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны азая элек. Акыркы маалыматтар боюнча, илдетке кабылгандар 1,8 миллиондон ашты. Анын 110 миңдейи көз жумду.

Коронавирус тараган Кытай болсо эпидемия аягына чыгып калганын жар салды.

Жаңылыктар түрмөгү
0