ЖК депутаттары өзгөчө абалдын мөөнөтүн узартууга макулдугун берди

© Sputnik / Табылды КадырбековДень траура в Бишкек в связи с двумя трагическими событиями, произошедшими 27 августа, и унесшими жизни 23 граждан Кыргызстана
День траура в Бишкек в связи с двумя трагическими событиями, произошедшими 27 августа, и унесшими жизни 23 граждан Кыргызстана - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев мамлекет башчынын Жарлыгын депутаттарга тааныштырды.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары өлкөнүн айрым аймактарына киргизилген өзгөчө абал режиминин мөөнөтүн узартууга макулдугун берди.

Ситуация в Оше с введением ЧП из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Ошто 16-апрелден тарта коменданттык сааттын убактысы өзгөрөт
Президент Сооронбай Жээнбековдун Жарлыгын 111 эл өкүлү колдоду, каршы чыккандар болгон жок.

Кечээ, 14-апрелде, мамлекет башчы Сооронбай Жээнбеков Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу райондорунда өзгөчө абал режиминин мөөнөтүн 30-апрелге чейин узартуу боюнча Жарлык чыгарган. Ага кошуп Нарын шаары жана Ат-Башы районуна дагы өзгөчө абал жарыялаган.

Президенттин Жогорку Кеңештеги өкүлү Курманбек Дыйканбаев Жарлык менен тааныштырып, колдоп берүүнү суранды.

Натыйжада парламентарийлер толугу менен колдоп беришти.

Эми Бишкек, Ош, Жалал-Абад, Нарын шаарлары жана Сузак, Ноокат, Кара-Суу, Ат-Башы райондорунда 30-апрелге чейин өзгөчө абал режими иштеп, коменданттык саат тартиби киргизилет. Ага ылайык, кечки саат 9.00дөн эртең мененки 6.00гө чейин сыртка чыгууга тыюу салынат.

Жаңылыктар түрмөгү
0