Министрлик: 98 медиктин коронавирусту кандайча жуктуруп алганы териштирилет

© REUTERS / David W CernyЧехиянын аскери коопсуз костюмунда иш учурунда. Архив
Чехиянын аскери коопсуз костюмунда иш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министрдин орун басары медиктердин коопсуздугу үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын айтып, жеке коргонуу каражаттары келери менен дарыгерлерге жөнөтүлүп жатканын кошумчалады.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Коронавирусту ар бир медик кандай жол менен жугузуп алганы боюнча эпидемиологдордун катышуусу менен кызматтык териштирүүлөр жүргүзүлүп жатат. Бул тууралуу брифинг учурунда саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирусту 98 медицина кызматкери жуктуруп алганы айтылды.

Үсөнбаевдин билдирүүсүнө караганда, дарыгерлер бейтаптар менен тыгыз байланышта иштеп жаткандыктан вирусту жуктуруп алышууда. Бирок ар биринин кандайча бул илдет менен ооруп калганы өз-өзүнчө текшерилет.

"Коронавирусту жуктуруп алган 98 медиктин арасында оперативдүү штабда иштеп жаткан кызматкерлер да бар. Алардын бирөөнөн эле коронавирус аныкталганда министрликтин жүзгө чукул кызматкерин толук текшердик. Жыйынтыгында ал жерди кайтарып отурган милиционер жугузуп алганы аныкталды. Эпидемияга каршы иш-чаралар каралып чыккан. Бүгүнкү күндө министрликтин толук курамы кароодон өтүп жатат. Айрымдары аралыктан иштеп жатат. Бирок баарын кетирип койгонго да болбойт", — деди Үсөнбаев.

Дарыгер өпкөнү желдетүүчү масканы кармап турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустан айыккандар кайра карантинге алынабы? Министрликтин жообу
Министрдин орун басары медиктердин коопсуздугу үчүн бардык аракеттер көрүлүп жатканын айтып, жеке коргонуу каражаттары келери менен дарыгерлерге жөнөтүлүп жатканын кошумчалады.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 449га жетип, анын 78и айыгып үйлөрүнө чыгарылды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0