Президент: биримдикте мындай сыноонун эченин жеңген элбиз

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевУлуттук гвардиянын аскери Кыргызстандын желегин көтөрүп бара жатат. Архив
Улуттук гвардиянын аскери Кыргызстандын желегин көтөрүп бара жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өлкө башчы ынтымакта болуп бири-бирибизди колдоо менен азыркы кыйын күндөрдөн тезирээк чыгабыз деген пикирин айтты.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Президент Сооронбай Жээнбеков Жогорку Кеңеште билдирүү жасап жатып азыркы кырдаал боюнча элге кайрылды.

Мамлекет башчы мекендештер сабырдуулукту сактап, кырдаалды туура түшүнүп, жасалып жаткан иштерди колдойт деп ишенерин айтты.

Выступление президента КР Сооронбая Жээнбекова на заседании ЖК - Sputnik Кыргызстан
Жээнбеков: баарыбыз бир кайыктабыз, муктаждар колдоосуз калбайт
“Бирге, ынтымакта болсок, бири-бирибизди колдосок азыркы кыйын күндөрдөн тезирээк чыгабыз. Биримдикте мындай сыноонун эченин жеңген элбиз. Буюрса, кудайдын колдоосу, элибиздин ынтымагы жана чогуу аракетибиз менен бул илдетти да жеңебиз. Кудайым өзү сактап, элибизде аманчылык, жергебизде тынчтык болсун! Сүйүктүү Кыргызстаныбызды Жараткан колдосун!” — деп сөзүн жыйынтыктады Жээнбеков.

Белгилей кетсек, өлкөнүн бүт аймагына 21-марттан тарта өзгөчө кырдаал режими киргизилген. Ал эми өзгөчө абал төрт шаар, төрт райондо 30-апрелге чейин жарыяланган.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 449га жетип, анын 78и айыгып үйлөрүнө чыгарылды. Тилекке каршы, беш адам каза болду. Ошол эле учурда 98 медицина кызматкери вирус жуктуруп алды.

Жаңылыктар түрмөгү
0