Оператор жумуш учурунда. Архив

Карантинде жардам сурап кайда кайрылса болот? Өлкө боюнча керектүү номерлер

1250
(жаңыланган 12:55 15.04.2020)
Ошентип айдын аягына чейин жалпы Кыргызстанда өзгөчө кырдаал, айрым аймактарда өзгөчө абал режими узартылды. Демек мурдагыдай эле үйдө отуруп ар кандай жардамга муктаж болгондор арабызда дагы деле бар.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Өлкөдөгү карантин, өзгөчө кырдаал, айрым аймактардагы өзгөчө абал режими көнүмүш жашоону токтотуп, айрымдарды кыйынчылыкка кептеп койду.

Кээ бирөөлөр ишсиз калып, азык-түлүк жактан колдоого муктаж болсо, дагы башкалар түзүлгөн кырдаалга кыжалат болуп, психологдун кеп-кеңешине зар болуп турган кез.

Мындай жарандарга жардам иретинде республикалык деңгээлде бир катар штабдар түзүлүп, мамлекеттик органдардын тынымсыз байланыш номерлери ишке кирди.

Sputnik Кыргызстан жалпы республика боюнча иштеген керектүү номерлер топтомун сунуштайт.

Өкмөттүн алдындагы Коронавирусту алдын алуу боюнча республикалык штаб:

  • 0312 881 684.

Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы ыкчам штаб:

  • 0312 660 663.

Мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаментинин ыкчам штабы:

  • 0312 323 202.

"Жардам" штабы:

  • 1227 кыска номери (саат 9:00дөн 18:00гө чейин азык-түлүккө муктаж үй-бүлөлөр чала алат. Ошондой эле 1227.tunduk.kg порталы аркылуу кайрылуу мүмкүн).

Психологиялык жардам:

  • Акчач Жолдошева, психолог-консультант — 0772 702 642;
  • Гүлипа Борбиева, психолог-консультант — 0773 843 461;
  • Гүлнара Онкошева, психолог-консультант — 0557 175 780;
  • Ражопхан Содикова, психолог-консультант — 0550 202 815;
  • Надежда Домашова, психолог-консультант — 0555 840 109;
  • Наргиза Ештаева, психолог-консультант — 0557 777 405;
  • Рахат Камилова, психолог-консультант — 0555 834 551.
  • Кубанычбек Эрмегалиев, психолог — 0703 937 449;

  • Гүлмира Базарбаева, дарыгер-психотерапевт — 0557 272 741;

  • Жанна Караева, дарыгер-психотерапевт: 0702 083 215;

  • Юлияна Чигаева, дарыгер-психиатр— 0772 140 268;

  • Гүлнара Кабылбекова, балдар психиатры — 0779 053 828;

  • Назгүл Мирзаматова, балдар психиатры — 0772 802 020;

  • Светлана Лисюкова, психолог — 0705 44 38 94, 0555 443 894;

  • Бактыгүл Бакирова, психолог — 0702 333 642;

  • Вероника Терехова, психолог — 0555 222 818;

  • Чолпон Авазбекова, психолог — 0556 595 689;

  • Светлана Бровкина, психолог — 0551 949 545;

  • Рустам кызы Бакыткүл, психолог — 0554 664 774;

  • Юлдуз Сабитова, психолог — 0700 130 088.

Психологдор күндүзгү саат 10.00дөн 17.00гө чейин бул номерлер аркылуу WhatsApp мессенджеринен жооп беришет.

Дистанттык окууда көйгөйлөр жаралса:

  • 0550 512 075;
  • 0550 801 026;
  • 0550 368 784;
  • 0550 513 385;
  • 0557 442 355;
  • 8569 кыска номери (ата-энелер дистанттык окуу боюнча жаралган техникалык жана башка көйгөйлөр менен кайрылса болот).

Социалдык фонд:

  • 0555 640 416;
  • 0550 550 145;
  • 1202 кыска номери (социалдык төлөмдөргө байланыштуу маселелер боюнча суроолорго жооп берет).

Мамлекеттик бажы кызматы:

  • 0312 512 467 (9.00-18.00);
  • 0312 511 859 (нөөмөт бөлүмү);
  • 0777 777 160 (WhatsApp).

Тышкы иштер министрлиги:

  • 0312 663 405;
  • 0312 660 811;
  • кошумча номерлер: 108, 109, 119, 129.
  • 0551 312 000 (WhatsApp, Viber жана Telegram)

Саламаттык сактоо министрлиги:

  • 0312 32 30 55;
  • 0312 32 32 02.

Коронавирусту аныктоо боюнча:

  • 118 кыска комери (чет өлкөгө барып келген же баргандар менен байланышта болгон, мындан тышкары, коронавирус жуктуруп алдым деп шек санагандар кайрылып, консультация ала алат).
  • 0312 662 798 (балдарына чет өлкөдөн дары-дармек алдырууга муктаж болгон ата-энелер үчүн).

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги:

  • 112 кыска номери (коронавирус жана башка маселелер боюнча түзүлгөн өзгөчө кырдаалдар учурунда жардам алууга болот).

Экономика министрлиги:

  • 0312 620 319;
  • 0555 774 405 (WhatsАpp).

Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги:

  • 0701 881 008;
  • 0312 625 752.

Мамлекеттик улуттук коопсуздук комитети:

  • 0312 660 475;
  • 0312 626 504.

Кыргызстандын Россиядагы элчилиги:

  • +749 92 38 50 69, +749 92 37 33 04;
  • +792 51 03 29 11 (Whats App)
  • (Россияда иштеп жүргөн мигранттар үчүн).

Омбудсмен институту:

  • 115 кыска номери.
1250
Белгилер:
номер, жардам, карантин
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1483)
Тема боюнча
Кулак кагыш! Дистанттык окуудагы көйгөйлөрдү кабарлаган кыска номер өзгөрдү
Бишкектеги жеке медклиникалар. ӨА режиминдеги иш тартиби жана картасы

Расизмби же анархиябы? АКШ оңой эмес тандоо алдында турат

18
Афроамерикалык жарандын полиция кызматкеринин колунан каза табышы АКШда толкундоолорду шарттап, ал массалык башаламандыкка айланып кетти. Окуянын АКШнын саясий айдыңына кандай таасир берээрине россиялык журналист Ирина Алкснис көз чаптырган.

Жорж Флойддун өлүмү жана андан кийинки окуялар АКШдагы шайлоо кампаниясында колдонула турганында шек жок эле. Башкы сокку расизм жана афроамерикалык кишини өлтүргөн полиция кызматкерлеринин мыкаачылыгы үчүн күнөөлөнгөн Трампка узатылары божомолдонгон. Бирок окуянын өрчүшү менен реалдуулук демократтарга кезектеги күтүүсүз белегин тартуулай турган болуп калды.

АКШ лидери мыкты даярдалган спектакль коюп берди. Катуу сүйлөп, алгач акция катышуучуларын "бунт чыгаргандар" деп, бир катар штат жетекчилерин тынч элдин коопсуздугун коргой алган жоксуңар деп күнөөлөп, башаламандыкты токтотуу үчүн бардык федералдык ресурсту, керек болсо армияны колдонорун айтты.

Трамп Ак үйдө сүйлөп жаткан маалда полиция коменданттык сааттан улам Лафайет-скверди митингчилерден бошотуп жаткан эле.

Андан соң өлкө башчы резиденциядан чыгып, бир күн мурун радикалдар өрт койгон Ыйык Иоанн чиркөөсүнө барды. Библияны бийик көтөрүп, өлкө коопсуздугун камсыздоону убадалады да "АКШ — дүйнөдөгү алп мамлекет" экенин жар салды.

Президенттин мындай кадамына илгиртпей жооп кайтарылды. Конгресстеги демократтардын лидерлери биргелешкен билдирүү таратып, Трамптын аракеттерин "коркоктук, натыйжасы жок жана кооптуу" деп баалашты.

Кескин сынды Нью-Йорк менен Орегондун губернаторлору да жаадырышты. Ал эми Нью-Йорктун мэри Муриэа Баузер Лафайет-скверди курал-жараксыз акция өткөрүп жаткандардан тазалоону абийир алып келбей турган кадам деп сыпаттады.

Россиялык көз караш менен алып караганда мунун баары кыйла кызык. Бир четинен жергиликтүү жана аймактык бийлик тарабынан көрүлүп жаткан чаралардын башаламандыкты басуу үчүн жетишсиз экени айгине болуп турат. Экинчи жагынан президент сөөмөй кезеп, коркуткандан башка абалды турукташтыруу үчүн алгылыктуу кадам жасай элек.

Мунун жандырмагы америкалык мамлекеттик системанын өзгөчөлүгү менен бүгүнкү күндөгү саясий каршылашуунун өтө одоно жүрүшүндө.

АКШда федералдык борбор менен штаттардын ыйгарым укуктарын бөлүп кароо кыйла татаал, бирок жалпы жонунан аймакта болуп жаткан нерсе үчүн жоопкерчилик регионалдык бийликтин мойнунда. Бул укук коргоо органдарына да тийиштүү, мындан улам күч түзүмүнүн структурасын да оңой менен түшүнө албайсың.

Буга расалык негизде чыккан башаламандыктын Америка үчүн эч жаңылыгы жок экенин кошо кетели. Мындай окуялар өлкөдө байма-бай кайталанып турат. Эң белгилүүсү 1992-жылы Лос-Анджелесте болгон, бирок көпчүлүк 2014-жылы Фергюсондогу акцияларды жакшы билет.

Федералдар мындай окуяларга алы жетпей баратканын туюп-сезген штат бийлигинин өтүнүчү менен гана кийлигише алат. Мындан тышкары, губернаторлордун башын аттап күч колдонууга президент укуктуу, бирок бул учурда жоопкерчиликтин баары ага жүктөлүп калат.

Иттин өлүгү ушул жерде көмүлгөн: Жорж Флойддун өлүмүнөн кийин чыккан башаламандык штаттын көпчүлүк бөлүгүнө (50дөн 45инде) жайылды. Бирок талап-тоноочулук, зомбулук Демократиялык партиянын "жеринде" болуп жатат. Бул Трамптын жеңишке жетүүгө кыпындай да мүмкүнчүлүгү жок аймактар.

Демократ-губернаторлордун катуу чара көрүүгө даярдыгынын жоктугун түшүнсө болот: алар негизинен басымдуу бөлүгү мародерчулукка да күч колдонууга каршы турган электоратка таянып жашайт.

Айтор, Америкадагы жарандык-саясий каршылашуудагы тараптардын баары өз пикирин билдирди. Демократтар толкундоолор өзүнөн өзү басаңдагандан кийин консерваторлордун расизм боюнча көз карашы менен күрөшүүнү кайрадан күн тартибине чыгарууга ниеткер.

Президент болсо республикачы губернаторлор элди тезирээк тартипке келтирет деп ишенип турат. Бирок жабыр тарткан шаарлар менен демократ-саясатчылардын абалды жөнгө салууга жөндөмүнүн жоктугу республикачы штаттардын консолидациясын эле эмес, олку-солку болуп турган региондорду да Трампка ыктатып койду.

Ошол эле учурда оркоюп чыгып турган эки көйгөйгө эч ким көңүл бурган жок. Биринчиси — ашкере күч колдонууга ыктап турган америкалык укук коргоо органдарындагы системалуу расизм, экинчиси — кандай гана максат менен уюштурулган митинг болбосун, аны токтотуу зарылдыгы.

Бирок бул Американын колунан келбес иш болуп калды шекилдүү.

18
Белгилер:
Дональд Трамп, шайлоо, саясат, полиция, өлүм, акция, башаламандык, АКШ
Тема:
АКШда афроамерикалыктын өлүмүнөн кийинки башаламандык
Тема боюнча
Бизге ызы-чуунун кереги жок! АКШдагы кыргызстандыктар менен маек

Бульварда эс алган Турусбеков, Сыдыкбеков жана Элебаев. 80 жыл мурунку таберик сүрөт

20
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, тарыхын баяндайт.
Бульварда эс алган Турусбеков, Сыдыкбеков жана Элебаев
© Фото / из личного архива Асель Данияровой

Кыргыз элинин белгилүү калемгерлери Жусуп Турусбеков, Түгөлбай Сыдыкбеков жана Мукай Элебаевдин сүрөтү 1940-жылы Фрунзе шаарындагы азыркы Эркиндик бульварында тартылган.

Ал жылдары сүрөттөгү атактуу жазуучулардын чыгармачылыгы оргуштап, калың журтка таанылып калган маалы эле.

Белгилүү адабиятчы, акын, жазуучу Омор Сооронов аларды мындайча эскерет:

"Мен өзүмдүн эмгек жолумда Мукай Элебаевдин чыгармачылыгына көп кайрылып, күндөлүгүн, согушта жазган каттарын окуп калгам. Ошондуктан өз сөзүмдү Элебаевден баштайын, Мукай ошол жылдары жетишсиз турмушту башынан өткөрүп, жумушунан айдалып, куугунтукталып, "Тартыш" деген пъесасы сахнага чыкпай калган. Кийин Улуу Ата Мекендик согуш башталганда дагы жакындарына кабарлабай эле жазуучуну фронтко алып кетип калышкан. Мукай Элебаев менен Түгөлбай Сыдыкбеков таяке-жээн эле, Сыдыкбеков Элебаевдикинде жашап, үй ээсинин акыл-наасатын угуп калган. Акын, драматург Жусуп Турусбеков болсо 1935-жылы жарык көргөн "Ажал ордуна" драмасынын аркасы менен таанылып, кийин кан майдандан кайтпай калды. Сүрөттөгү үч инсан тең жакын мамиледе эле, бири-биринин чыгармаларын катуу сындап, пикирлерин бетке айткан. Андай нерселерди Мукайдын күндөлүгүнөн көп эле окуп калгам. Менимче, эгер Элебаев менен Турусбеков согуштан кайтып келгенде, бир топ чыгарма жаратып күчтүү жазуучулардан болушмак. Мукайдын жарыяланбаган толгон-токой кагаздары Улуттук илимдер академиясынын Кол жазмалар фондуна өткөрүп берилген", — деди Сооронов.

Сүрөт тартылган жылы Турусбеков 30, Сыдыкбеков 28, Элебаев 34 жашта болгон.

20
Белгилер:
таберик сүрөт, Мукай Элебаев, Түгөлбай Сыдыкбеков, жазуучу, акын
Тема:
"Таберик сүрөт" — сейрек кездешкен ирмемдер
Тема боюнча
Суу бойлоп... Төлөмүш Океев менен Таттыбүбү Турсунбаеванын таберик сүрөтү
Тасмаларына илимий мамиле жасачу. Убукеевдин "Манас ааламынан" таберик сүрөт
Кемедеги Сүймөнкул Чокморов менен айылдык келин. "Кызыл алмадан" таберик сүрөт