Бишкекте бир шарт менен таксисттердин иштөөсүнө уруксат берилиши мүмкүн

© Sputnik / Медиабанкка өтүүАскер унааны блокпостто дезинфекциялоо кылып жатат. Архив
Аскер унааны блокпостто дезинфекциялоо кылып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эл өкүлүнүн айтымында, такси кызматкерлери жок дегенде шаар ичинде товар жеткирип акча таап турушу керек.

БИШКЕК, 15-апр. — Sputnik. Депутат Дастан Бекешев Бишкекте өзгөчө абал режими учурунда таксисттердин ишине уруксат берүүнү сунуштады.

Эл өкүлүнүн айтымында, такси айдаган жарандар жок дегенде товар же курулуш материалдарын жеткирип иштөөнү өтүнүп жатышат.

"Айрым таксисттер чектөөлөргө карабай иштеп жатышат, себеби акча табууга аргасыз. Балким товар жеткирүү кызматын көрсөткөндөр үчүн чектөөнү алып саласыздар? Таксичилер ушундан акча таап турсун. Ухандагыдай болуп (Кытай –  ред.) салонго бир эле адамды салышсын. Башкысы сөзсүз бет кап кийип, антисептиктерди колдонушсун", - деди депутат.

Дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте коронавирус жуктурган бир медик сакайды. Аймактар боюнча маалымат
Бишкек коменданты Алмаз Орозалиев борбор калаада товар жеткирүүдө көйгөй жок экенин билдирди. Ал ошондой эле эгер таксисттер унаанын салонун санитардык нормаларга ылайык күнүнө 2-3 ирет дезинфекциялоого макул болушса иштөөгө уруксат берилиши мүмкүн.

Белгилей кетсек, Кыргызстандын төрт шаары менен төрт районуна 30-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген. Буга байланыштуу жарандар сыртка себепсиз чыга алышпайт.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0