Нарын коменданты: эреже бузгандарга айып салынып, автоунаасы камакка алынат

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOУлуттук гвардиянын аскери жана патрул милициянын кызматкери блокпостто турган учурда. Архив
Улуттук гвардиянын аскери жана патрул милициянын кызматкери блокпостто турган учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жазгы айдап-себүү өнөктүгүндө иштеп жаткан дыйкандарга кечки саат 21.00гө чейин жумушун жыйынтыктап, кыймылды токтотууну эскертүү жергиликтүү бийликке тапшырылды.

НАРЫН, 15-апр. — Sputnik. Нарын шаарына жана Ат-Башы районуна өзгөчө абал киргизилгендигине байланыштуу эки аймакка 9 блокпост жана фильтрлөөчү 21 пост коюлду. Бул тууралуу аталган аймактын коменданты Уланбек Аалиев билдирди.

Эске салсак, аймакта коронавирус инфекциясы көп чыгып жаткандыктан Нарын менен Ат-Башыда 15-апрелден тарта өзгөчө абал киргизилген. Эми жергиликтүү эл саат 21.00дөн эртең мененки 06.00гө чейин коменданттык сааттын эрежесин аткарышы керек.

"Нарын шаарына төрт жерге блокпост, төрт жерге фильтрлөөчү посттор коюлду. Ал эми Ат-Башы району боюнча беш жерге блокпост, 21 аймакка фильтрлөөчү посттор жайгаштырылды. Андан сырткары, жумушка барып-келе турган жарандарды ташыган автоунааларга кызыл, көк, сары түстөгү "өткөрмө кагаздары" берилүүдө", - деди комендант Аалиев.

Жергиликтүү тургундарга өздүгүн тастыктаган документи жана багытын аныктаган "өткөрмө кагаздары" менен жүрүү боюнча маалыматтар социалдык тармактар аркылуу таратылууда.

Улуттук гвардиянын аскерлери жана патрулдук милициянын кызматкерлери блокпостто турган учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте коменданттык саатты кыскартуу чечими кабыл алынды
Малды бир жерден экинчи жерге жеткирүү үчүн бир күндүк уруксат кагаздары берилип жатат. Жазгы айдап себүү өнөктүгүндө иштеп аткан дыйкандарга кечки саат 21.00гө чейин жумушун жыйынтыктап, кыймылды токтотуу жагы жергиликтүү бийлик өкүлдөрү тарабынан эскертилүүдө.

Аалиев өзгөчө абалдын тартибин бузган айдоочуларга, жөө жүргүнчүлөргө тартиптик чара көрүлүп, бет кабы, маршруттук баракчасы, уруксат кагазы жок жарандарга акчалай айып салынып, автоунаасы камакка алынарын кошумчалады.

Учурда Нарын облусунда коронавируска кабылгандардын саны – 34. Алар Ат-Башы, Жумгал жана Кочкор райондорунда катталды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0