Россияда кыргызстандык жаран 206 адамга коронавирус жуктурду деп шектелүүдө

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүКурулуш объектисиндеги жумушчулар. Архив
Курулуш объектисиндеги жумушчулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Белокаменка айылындагы "Новатэк-Мурманск" курулуш борборунда иштеген 206 жумушчу коронавирус жуктуруп алышкан.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Россиянын Мурманск облусунда 206 жумушчуга коронавирус Кыргызстандын жаранынан жугушу ыктымал. Бул тууралуу аталган аймактын губернатору Андрей Чибис билдирди.

РИА Новости агенттигинин жазганына караганда, Белокаменка айылындагы "Новатэк-Мурманск" курулуш борборунда иштеген 206 жумушчу коронавирус жуктуруп алган. Дагы 200 киши обсервацияга жаткырылган.

Азырынча алардан вирус аныктала элек. Бирок профилактикалык терапия алып жатышканын аймактын башчысы айтты.

"Биздин оюбузча, иликтөөнүн жыйынтыгы көрсөткөндөй, коронавирусту жумушчуларга Кыргызстан жараны жуктурган. Бирок ал тууралуу маалымат бере албайм", — деди Чибис.

Анын айтымында, Белокаменка айылында оорукана жок. Бирок госпиталь уюштурулуп, диагностика жүргүзүлүп, жардам берилет.

Россияда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 25 миңге жетти. Эки миңдей адам айыкса, 198 киши көз жумду.

Жаңылыктар түрмөгү
0