Депутаттар өлкөгө буудай ташыгандарды кошумча нарк салыгынан бошотту

© Sputnik / Виталий Тимкив / Медиабанкка өтүүБуудай. Архив
Буудай. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мыйзам долбоорун депутат Экмат Байбакбаев демилгелеп, парламенттин жыйынында үч окуудан колдоо тапты.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаттары Кыргызстанга чет өлкөдөн буудай ташыгандарды кошумча нарк салыгынан бошотуу мыйзамын кабыл алды.

Мыйзам долбоорун депутат Экмат Байбакбаев демилгелеп, кечээ, 15-апрелде, парламенттин жыйынында үч окууда каралды. Анын айтымында, бул атамекендик ун өндүрүүчүлөрдү колдоо максатында иштелип чыкты.

“Сунушталып жаткан өзгөртүүлөрдө ун чыгаруу үчүн Кыргызстанга ташылып келинген буудайга болгон кошумча нарк салыгынан бошотуу жана мурункудай салыктык жеңилдиктерди калыбына келтирүү каралган”, — деди Байбакбаев.

Мындай салыктык жеңилдикти 2025-жылдын 1-январына чейин берүү демилгеленди.

Бет кап чыгаруу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Медициналык бет кап ташыгандар кошумча нарк салыгынан бошотулду
Талкуунун жүрүшүндө депутаттар Эльвира Сурабалдиева, Айнуру Алтыбаева, Өмүрбек Бакиров, Жанар Акаев беш жылдык мөөнөт өтө узак экенин айтып, 2022-жылга чейин кыскартуу керектигин белгилешти.

Ал эми Мирлан Бакиров, Бактыбек Райымкулов, Канат Исаев мыйзам долбоорун колдоого аларын билдиришти. Алардын пикиринде, кошумча нарк салыгынын коюмун нөлгө түшүрүү буудайды кайра иштетүүчү ишканалардын өнүгүшүнө шарт түзүлөт жана нандын баасы арзандайт.

Натыйжада мөөнөтүн кыскартуу сунушу четке кагылып, сунушталган мыйзам долбоору өзгөрүүсүз үч окууда жактырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0