Жумага карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандын түштүк тарабында талаалар. Архив
Кыргызстандын түштүк тарабында талаалар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. 17-апрелде түнкүсүн тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ал эми дыйканчылык аймактарда күн ачык болот. Күндүз кээ бир өрөөндөрдө жаан жаап, тоолуу жерлерде кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргыз гидрометеорология агенттиги маалымдады.

Дождь в Бишкеке. Макросъемка - Sputnik Кыргызстан
Жазгы жамгырдын бир тамчысы... Биз байкабаган көрүнүштөр ажайып сүрөттөрдө
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +14…+19, Таласта +13…+18, Ош жана Жалал-Абад облустарында +17…+22, Баткенде +18…+23, Ысык-Көлдө +11…+16 жана Нарында +9…+14 градус жылуу болот.

Ал эми Бишкек жана Ош шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт, борбор калаада күндүн табы +17…+19, Ошто +19…+21 градуска дейре көтөрүлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0