Посттон өтөрдө суралчу 6 документ. Штаб айдоочуларга эскертүү берди

© REUTERS / VLADIMIR PIROGOVУкук коргоо кызматкерлери айдоочулурдын документтерин текшерүү учурунда. Архив
Укук коргоо кызматкерлери айдоочулурдын документтерин текшерүү учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Борбор калаада Кайгуул милициясынын инспекторлору жол эрежелерин бузууну алдын алуу жана токтотуу үчүн профилактикалык иш-чараларды жүргүзүп жатышат.

БИШКЕК, 16-апр. — Sputnik. Айрым айдоочулар карантин кирген аймактарда эреже бузуп, бейтаптарды ооруканага алып барам же пенсионерлерге азык-түлүк жеткирем деген шылтоо менен жеке иштерин бүтүрүп жүрүүдө. Бул тууралуу Республикалык штабдан маалымдашты.

Ага ылайык, борбор калаада Кайгуул милициясынын инспекторлору жол эрежелерин бузууну алдын алуу жана токтотуу үчүн профилактикалык иш-чараларды жүргүзүп жатышат.

"Айрым айдоочулар карантин кирген аймактарда эреже бузуп, бейтаптарды ооруканага алып барам же пенсионерлерге азык-түлүк жеткирем деген шылтоо менен жеке иштерин бүтүрүп жүрүшүүдө. Ошондой эле санитардык-карантиндик посттордон ыктыярчыларга жамынып өтүп жаткан фактылар да бар", — деп айтылат маалыматта.

Штаб өзгөчө абал режими киргизилген аймактардагы карантиндик-санитардык посттордон талап кылынчу документтерди да атады. Алар:

  • паспорт;
  • иштеген, жашаган жеринен маалымкат;
  • маршруттук баракча;
  • айдоочунун күбөлүгү;
  • унаа документтери;
  • атайын өткөрмө кагазы.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 466га жетип, анын 91и айыгып чыкты. Арасында 104 медицина кызматкери дагы бар. Оорунун кесепетинен беш адам каза тапкан.

Киши полкадан Дело папканы чыгарып жатат. Архив  - Sputnik Кыргызстан
Нарын: козголгон кылмыш ишинен улам коронавирустан айыккан кишиге тергөө уланат
Кыргызстандын төрт шаары жана төрт районуна 30-апрелге чейин өзгөчө абал режими киргизилген. Бул аймактарда кечки саат 9.00дөн эртең мененки 6.00гө чейин коменданттык саат иштейт.

Карантинде жардам сурап кайда кайрыларыңызды билбей жатсаңыз, Sputnik Кыргызстан даярдаган материалга көңүл буруңуз. Мында өлкө боюнча керектүү номерлер тизмектелген.

Мындан тышкары комендатура жана облустук штабдар менен байланыш номерлерин бергенбиз.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0