COVID-19: элден канча акча чогулуп, эмнеге жумшалганы жарыяланды

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKOБишкектин көчөсүндө кишилер коопсуз бет капчан. Архив
Бишкектин көчөсүндө кишилер коопсуз бет капчан. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки министрликтин жана Бишкек шаардык мэриясынын атайын ачкан эсептерине 146,7 миллион сом келип түшкөн.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Республикалык штабдын алдындагы help.covid.kg сайтына коронавирус менен күрөшүү үчүн элден канча акча чогулуп, ал каражат кайда жумшалганы тууралуу отчёт жарыяланып турат.

16-апрель кечки саат 18.00гө карата Саламаттык сактоо министрлигинин эсебине 128 миллион 770,6 миң сом келип түшкөн. Анын ичинен медицина кызматкерлерине кошумча эмгек акы төлөө үчүн 7 миллион 735,5 миң сом бөлүнгөн. Калганы эсепте сакталуу бойдон турат.

Азык-түлүк. Архив - Sputnik Кыргызстан
“Жардам” штабы 170 миң үй-бүлөгө азык таратты, дагы ушунча муктаж бүлө бар
Ал эми Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин эсебине 14 миллион 715,7 миң сом которулган. Бүгүнкү күндө анын 13 миллион 380 миң сому сарпталды. Бул каражат муктаж адамдарга азык-түлүк алуу үчүн Ош, Бишкек, Жалал-Абад, Нарын шаарларынын мэрияларына, өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлчүлүгүнө жана Ноокат райондук акимчилигине берилген.

Бишкек шаарынын мэриясынын эсебине 3 миллион 212,5 миң сом чогулган. Учурда анын 2,520,8 миң сому коротулду. Сайтта акча "Аламүдүн" базары менен "Народный" дүкөнүнө которулганы көрсөтүлгөн. Мэрия калкка жардам берүү үчүн азык-түлүктү ушул жактан алышы мүмкүн, бирок бул туурасында так жазылган эмес.

Чогулган каражаттар тууралуу Республикалык штабдын алдындагы help.covid.kg сайтынан кенен тааныша аласыз. Жардам иретинде акча которууну каалагандар үчүн дагы эсептин реквизиттери жазылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0