Коронавирус жуктурган медиктер көбөйүүдө. Жалпы саны 116га жетти

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүФедеральный клинический центр высоких медицинских технологий ФМБА в Химках
Федеральный клинический центр высоких медицинских технологий ФМБА в Химках - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Илдетти жуктуруп алган жалпы медиктердин 38и дарыгер, 46сы орто билимдүү медицина кызматкерлери, калганы медициналык мекемелерде иштеген адистер.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. 17-апрелге карата өлкө ичинде дагы 12 медиктен коронавирус аныкталды. Ошону менен вирус жуктуруп алган медицина кызматкерлеринин саны 116га жетти. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, бүгүн коронавирус аныкталган медиктердин жетөө Бишкектен, төртөө Ош облусунан. Анын ичинен үчөө Ноокат, бирөө Өзгөн районунан табылган. Ош шаарынан бирөө бар.

"Илдетти жуктуруп алган жалпы медиктердин 38и дарыгер, 46сы орто билимдүү медицина кызматкерлери, калганы медициналык мекемелерде иштеген адистер", — деди Үсөнбаев.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 489га жетти. Анын ичинен 114ү айыгып, бешөө көз жумган.

Өлкөдөгү абал тууралуу Sputnik Кыргызстандын тексттик трансляциясынан билүүгө болот.

Ошондой эле кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга да баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0