Врач-ординатор ИВЛ аппаратын көрсөтүүдө. Архивдик сүрөт

COVID-19 катталган аймактар жана жуктургандардын жаш курагы

631
(жаңыланган 11:28 17.04.2020)
Вирус жуктургандар Ош облусунан көбүрөөк чыгып жатат, ал эми Талас облусунда бир да учур каттала элек.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Кыргызстанда коронавируска кабылган адамдардын саны 489га жетти. Анын ичинен эң эле көбү Ош облусунда катталууда. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифинг учурунда билдирди.

COVID-19 жуктуруу фактысы катталган аймактардын статистикасы төмөндөгүдөй:

  • Жалал-Абад облусу – 93;
  • Ош облусу – 135;
  • Ош шаары – 73;
  • Чүй облусу – 28;
  • Бишкек шаары – 102;
  • Баткен облусу – 5;
  • Нарын облусу – 45;
  • Ысык-Көл облусу – 8.

Бүгүнкү күндө Талас облусунда бир дагы учур каттала элек.

Илдеттке чалдыккандардын 266сы аял, 223ү эркек киши. Ал эми жаш курагы боюнча алганда басымдуу бөлүгүн 35 жаштан 55ке чейинки адамдар түзүүдө.

  • Бир жашка чыга элек наристелер — 3;
  • 15 жашка чейинки балдар – 42;
  • 16-19 жаштагылар – 13;
  • 20-35 жаштагылар – 118;
  • 35-55 жашка чейин – 189; 
  • 55 жаштан жогорулар – 124.

Коронавирустун кесепети

Ал эми Кыргызстанда коронавируска кабылгандардын саны 489га жетип, анын 114ү айыгып чыкты. Арасында 116 медицина кызматкери да вирус жуктуруп алган. Оорунун кесепетинен беш адам каза тапты.

Кыргызстандын төрт шаары жана төрт районуна 30-апрелге чейин өзгөчө абал режими киргизилген. Бул аймактарда кечки саат 9.00дөн эртең мененки 6.00гө чейин коменданттык саат иштейт.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

631
Белгилер:
жаш курак, маалымат, статистика, аймактар, коронавирус
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (1438)
Тема боюнча
Коронавирус жуктурган медиктер көбөйүүдө. Жалпы саны 116га жетти
Бүгүн Бишкекке Стамбулдан 212 кыргызстандык учуп келет
Биометрикалык паспорт. Архивдик сүрөт

Географияны мыкты билген үй-жайсыз Кайрат паспорт алды

95
(жаңыланган 23:44 28.05.2020)
Паспорт алган жаран ал үчүн документ алуу өтө маанилүү экенин айткан. Эми ал жумуш табуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болду.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Социалдык тармактарда "географияны жакшы билген үй-жайсыз адам" катары таанылган кыргызстандык Кайрат Курманалиев паспорт алды.

Анын документ алып, баарына ыраазычылык билдирген видеосу Жогорку Кеңештин депутаты Алтынбек Сулаймановдун Instagram баракчасына жарыяланды.

Кайратты белгилүү кылган видео социалдык тармактарда бир ай мурун тараган. Аны комендатуранын кызматкерлери да жардам берүү максатында издешкен. Убакыттын өтүшү менен ал сырткы келбетине, кийингенине көңүл бура баштап, интернет колдонуучулары Алтынбек Сулайманов экөөнүн түспөлдөш экенин байкашкан. Депутат да окшоштук бар экенин моюндаган.

95
Белгилер:
депутат, селсаяк, Алтынбек Сулайманов, паспорт
Тема боюнча
Өмүр бою Өзгөндө жашаган 100 жаштагы энеге биринчи ирет паспорт берилди
Казань вокзалын дезинфекциялоо. Архивдик сүрөт

Москвада чектөөлөр коронавирустун вакцинасы чыкканга чейин улантылат

92
(жаңыланган 22:43 28.05.2020)
Шаар мэри май айында вирустан каза тапкандардын саны  мындан ары да өсөрүн болжоду. Россия коронавирус жуктургандардын саны боюнча дүйнөдө үчүнчү орунда турат.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Москванын мэри Сергей Собянин COVID-19 пандемиясынан улам коюлган чектөөлөр улана турганын айтты. Бул тууралуу РИА Новости жазып чыкты.

Анын айтымында, чектөө чаралары коронавирустун вакцинасы табылмайынча созулмакчы.

"Өзүн сактоо режими, санитардык чектөөлөр вакцина чыккыча созулат. Күн сайын эки-үч миңдеп оору жуктурган учурларды каттап жатабыз. Ооруканага жаткырууну азайтканыбыз менен оор абалдагы бейтаптар көбөйүүдө", — деп билдирди ал "Россия-24" телеканалына.

Мэрдин айтымына караганда, борбордо коронавируска байланышкан абал "анчалык жакшы эмес", ошондуктан шашуунун кереги жок. Мындан тышкары, май айында COVID-19дан каза болгондордун саны мындан да өсөрү болжолдонду.

"Май айында каза тапкандардын саны дагы да өсөт. Адам өлүмүнүн чыныгы себебин аныктоо өтө маанилүү. Анткени бул адам өмүрүн сактап калууга мүмкүнчүлүк берет", — деп кошумчалады мэр.

Эпидемия башталгандан бери Россиянын 85 аймагынан 380 миң адамдан коронавирус табылып, алардын 4412си каза болгон. Бейтаптардын 150 миңден ашыгы сакайып чыкты. Москвада 173 497 COVID-19 инфекциясын жуктурган учур катталган.

Жакында эле Собянин өзүн-өзү изоляцияга алуу режими жана борбор шаардагы өткөрмө кагазы 14-июнга чейин узартыларын билдирген.

92
Белгилер:
чектөө, коронавирус, Сергей Собянин, Москва, мэр
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус
Тема боюнча
Бишкек мэриясы: "Автомаш-радиатор" заводунда сегиз кишиден COVID табылды