Үч күн тура албай ыйладым. Коронавирус жуктурган медиктин жан азабы

© AP Photo / John LocherСитуация в США из-за коронавируса
Ситуация в США из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Диагнозу такталганы дарыгер кандай кодулоого кабылганын ачык айтып берди. "Өзүмдү элден чыгып калгандай сездим", — деп моюнга алды врач айым.

Тастыкталган диагнозу бар медикти маектешүүгө көндүрүү бир топ татаал болду. Биздин редактор Таалайбек Ороскулов врачты маек толук купуялуулук шарты менен жарыяланарын убадалаган.

Биздин каарман 40тын кырынан ашкан, өмүрүнүн жарымын медицинага арнаган айым. Баарлашууга макул болгон врач жабыр тартып калбасын деп маектин айрым учурларын атайын өзгөрттүк.

— Алгач акыбалыңызды сурайлы, өзүңүздү кандай сезип турасыз?

— Ырахмат, баары жакшы. Коронавируска таандык белгилер байкалбайт, этим ысыган жок, мурдум бүткөн жок, жөтөлгөн жокмун. Чарчагансып, башым ооруй бергендиктен COVIDге тест тапшырууну чечтим, илдетке чалдыгыпмын.

— Кандайча жуктуруп алдыңыз? Бейтаптар менен байланышкан белеңиз?

Кыргызстанка Миргуль Омуралиева, живущая в Италии - Sputnik Кыргызстан
Кызымдын жазганын окуп ыйладым. Италияда жашаган Миргүл айымдын маеги
— Жок, кайра-кайра кайталайын, жок! Коронавируска кабылгандар менен байланышкан эмесмин, бирок иштен улам аябагандай көп сандагы адамдар менен сүйлөшүүгө туура келген. Ооруганымды билгенде үрөйүм учту, себеби эрежелерди абдан кылдат сактайм. Балким бир нерсени кармалап, колумду жүзүмө тийгизип алган окшойм.

"Колуңарды байкагыла!" деп өзүм дайым элге кайталаганым менен баары бир байкабай калышың ыктымал экен. Бет каптын деле анчейин жардамы жок, тек гана бетиңди улам кармалай бергенге бөгөт болот.

— Ооруганыңыз тууралуу кандайча уктуңуз?

— Алым кеткенин сезгенимде өзүм анализ тапшырууну чечтим, дарыгерлер бекер тапшырат. Илдет тастыкталганын башкалардан уктум. Дегеле күтпөгөн нерсе болду! Үйдө жай эле отурасың, анан сага ар ким телефон чалып, көбү мен аларга атайылап жуктургандай ызы-чуу түшүп баштаганын элестетиңиз.

— Кандайча ага жол берилген? Бул жашыруун маалымат болууга тийиш эмеспи.

— Өзүм да билбейм, маалымат кайдан чыкканы мага да кызык. Лабораториянын кызматкерлери эмне үчүн диагнозду мага эмес, башка врачтарга айтканын билбейм. Ошондон кийин куугунтуктоо башталды.

Ситуация в Франции из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Дааваттан келгендер медиктерди абдан кыйнады. Жумгалдагы дарыгердин маеги
Азыр медицина кызматкерлери бирдиктүү болууга тийиш эмеспи, бирок ызы-чуу чыгып, айрымдар эпидемиология боюнча болгон билимин унуткарышкандай. Мени диагнозум тууралуу эбак билгенимди, бирок атайын ишке чыга бергенимди айтып айыпташты. Мен кайдан билипмин? Ушул тапта мен элден чыгып калгандаймын.

Диагнозду уккандан тарта үч күн бою көзүмдүн жашын тыя албадым. Кокус башкаларга жугузуп албадым бекен деп корктум. Өз маалында обочолоно алдым деп үмүт кылам. Кудай жалгап, жакындарымдын анализдери таза чыкты.

Эгер врачтар чочулап жатса, карапайым эл эмне кылмак эле? Дагы жакшы, мени колдой турган адамдар да калыптыр.

— Коронавирус сасык тумоодон да көбүрөөк жугуштуу тура. Жакындарыңызга кантип жугузбаптырсыз?

— Аралыкты сактап, жакын байланышка жол берген эмесмин. Убактымды болушунча жалгыз өткөргөм.

— Дарыгериңиз сизге илдетиңиз боюнча эмне деди?

— Жеңил өтүп жатканын айтты. Депрессияга алдырбасын деп врачтар көңүлүмдү жубатууга аракет кылып турушту.

— Бир бейтаптын маегин окуп калдым, биологиялык куралга айланып калганын кабылдаш кыйын экенин айтыптыр. "Палатада отурасың, эч кимди киргизишпейт, айланаңдын баарын дезинфекциялашат, химиялык коргоо костюмун кийбестен сага эч ким кирбейт" дептир. Сизде да ушундай сезимдер болдубу?

— Булардын баарын көргөндө ошондой ойлорго чулганасың. Бул канчалык олуттуу экенин түшүнөсүң.

— Ушул тапта кыргызстандыктардын көбү медицина кызматкерлеринин мынчалык санда илдетти жугузуп алганы үчүн бийликти күнөөлөөдө. Бул боюнча сиз эмне дээр элеңиз?

— Бул боюнча башынан ойлонуш керек дешкенине кошулам. Ооба, акча эсепке түшүүдө, бирок стационарлардын көпчүлүгүндө баары бир жеке коргонуу каражаттарынын жоктугун угуп жатам. Медиктер аларды өз күчү менен сатып алып жатышкандыгы боюнча унчугушпайт.

— Бул мен үчүн да кызык. Эмнеге врачтар эч качан үн катпайт? Бирдиктүү фронт катары чыкса болот го...

— Баары чочулашат, себеби эч кандай колдоо жок. Өзүңүздөр көрүп жатасыздар го, бирөө пикирин билдирсе, кайра элдин алдында кечирим суроого мажбурлашат. Менимче, бул натуура көрүнүш. Мамлекет өз кемчиликтерин билүүсү кажет, эгер көйгөйдүн эмне экенин билбесең, аны кантип чече аласың?! Бул жалпыбызга сабак, саламаттыкты сактоо системасына жоопкерчиликтүү кароо керек.

— Билишимче, иш убагында коронавирус жуктуруп алган медицина кызматкерлерине 200 миң сомдон төлөнмөкчү. Сиз менен бул туурасында сүйлөшкөндөр болдубу?

— Жок, ой! Андай болгон жок. Мага эч ким чалган жок, эч ким эч нерсе сураган жок. Өзүм деле ал акчадан үмүттөнгөн жокмун.

— Карантин дагы эки аптага узартылды, көпчүлүк буга каршы да чыгышты. Ага караганда экономиканын кыйрап жатканы олуттуу имиш. Буга макулсузбу?

— Эгер эл жеке тазалыктын бардык талаптарын аткарса, анда мунун баары болмок эмес. Бирок өзүңүздөр көргөндөй, биздин колубуздан келбей жатат, ошондуктан өкмөт карантинди узартууда.

— Эмнени байкадым дебейсизби? Мурда кыргызстандыктар врачтарды жемкор, ишин так аткара албайт, эч нерсени билбейт деп жемелешчү. Азыр баатырларча даңазалап жатышат.

Ситуация в Франции в связи с пандемией коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Коронавируска кабылган адамдар кантип үзүлөт. Ноокаттагы дарыгер менен маек
— Ооба, чынында бизди жактырбай, Кыргызстанда медиктерди жаманатты кылып, киши катары көрүшчү эмес. Жаман айтпай, жакшы жок тура, коронавирус доктурларга болгон мамилебизди кайра карап чыгууга түрттү. Мындан кийин биздин врачтар коомдо эң ардактуу орун аларына ишенем.

Редакциядан соңку сөз: Саламаттык сактоо министрлигинин жетекчилиги биздин маектеш врачтын изин куугандын ордуна дарыгерлерге өз пикирин ачык айтууга мүмкүнчүлүк түзүп, катачылыктарды жоюуда натыйжалуу иш алып барарына үмүт артабыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0