26-апрелде Дубайдагы кыргызстандыктарды алып келүү пландалып жатат

© Sputnik / Андрей Станавов / Медиабанкка өтүүЭл аралык аэропортунда учак конуп жатат. Архив
Эл аралык аэропортунда учак конуп жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бул маселени Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Бириккен Араб Эмирликтеринин авиация бийлиги менен чогуу чечүүдө.

БИШКЕК, 17-апр. – Sputnik. 26-апрелде Дубайдагы кыргызстандыктарды "Дубай — Бишкек" чартердик каттамы менен мекенге алып келүү пландалууда. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге караганда, бул маселени Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Бириккен Араб Эмирликтеринин авиация тармагынын жетекчилиги менен чогуу чечүүдө.

"Тараптар БАЭден Кыргызстандын жарандарын алып келүү үчүн 3-10-майда дагы кошумча рейстерди уюштуруу боюнча сүйлөшүү жүргүздү", — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин Анталия, Стамбул, Анкара, Новосибирск, Дубай жана башка шаарлардагы 4371 мигрант мекенине келе албай жатканы айтылган.

Аэропортто күтүп жаткан жүргүнчүлөр. Архив - Sputnik Кыргызстан
ТИМ: 45 өлкөдө жүргөн 3800дөй кыргызстандык кайтууну көздөп жатат
Мындан улам президент Сооронбай Жээнбеков мекендештерди өлкөгө алып келүү боюнча тийиштүү орган, мекемелерге тапшырма берген.

Эске салсак, бүгүн, 17-апрелде, Бишкекке Стамбулдан 212 кыргызстандык учуп келет.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0