Ишембиге карата аба ырайы

© Sputnik / Табылды КадырбековЫсык-Көл областындагы Джети-Огуздөгү тоолор. Архив
Ысык-Көл областындагы Джети-Огуздөгү тоолор. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. 18-апрелде түнкүсүн Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында жаан, тоолуу райондордо кар жаашы мүмкүн. Калган аймактарда күн ачык болот. Ал эми күндүз республика боюнча жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Кар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шашылыш билдирүү! Аптанын соңунда айрым жерлерде үшүк жүрөт
Бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы секундасына 2-7 метрге чейин жетет.

Маалыматка ылайык, Чүйдө абанын температурасы +17…+22, Таласта +16…+21, Ош, Баткен, Жалал-Абад облустарында +19…+24 жана Ысык-Көл менен Нарын жергесинде +12…+17 градус жылуу болот.

Бишкекте күндүн табы +19…+21 градуска дейре көтөрүлсө, Ошто бул көрсөткүч +20…+22 градуска чейин жетет.

Жаңылыктар түрмөгү
0